Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Майдан тарта билим берүү ишмердүүлүгүнө уруксат алуу онлайн жүргүзүлөт

© Sputnik / Асель СыдыковаБилим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо башкармалыгынын башчысы Алмаз Ибраев
Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо башкармалыгынын башчысы Алмаз Ибраев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2024
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо башкармалыгынын башчысы Алмаз Ибраев билим берүү ишмердүүлүгүнө уруксат алуунун жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлүп жатканын айтты.
Кыргызстанда 1-майдан тарта билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензия алуу үчүн арыздар электрондук түрдө кабыл алынат. Бул тууралуу Алмаз Ибраев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Майдан тарта билим берүү ишмердүүлүгүнө уруксат алуу онлайн жүргүзүлөт
Анын айтымында, учурда бала бакча ачууга же кошумча билим берүү программасы боюнча окутуу үчүн, ошондой эле өлкөдөгү алты өзгөчө макамы бар университеттерден лицензия талап кылынбайт.
"Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо тармагы санариптештирүү форматына өтүп жатат. Өлкөдө билим берүү ишмердүүлүгү менен алектенген тараптар абдан көп. Андыктан лицензия алуунун жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлүп жатат. Эми арыздар лицензиялоону жана аккредитациялоону башкаруунун автоматташтырылган системасы (АСУЛА) аркылуу гана жиберилиши керек. Өтүнмөнү санарип система аркылуу электрондук форматта тариздөө алыскы аймактардагы арыз ээлерине борборго келбестен өз жеринде берүүгө мүмкүнчүлүк берет. Арыз ээсине административдик иштин аткаруучусу менен жолугуунун кажети жок, натыйжада коррупциялык тобокелдиктер жоюлат. Жайгашкан жери өзгөргөн учурда билим берүү уюму бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигине билдирүү жөнөтүшү керек", — деди Ибраев.
Ал лицензия алуу үчүн мамлекеттик пошлина 1000 сомду түзөрүн, андан башка каражат талап кылынбай турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0