Эртең декларация тапшыруунун акыркы күнү. Салыкчылар түнгө чейин иштеп жатат

© Фото / пресс-служба Кабинета министров КРСалык кызматынын сайты. Архив
Салык кызматынын сайты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2024
Жазылуу
Бүгүн жана эртең салык органдары декларацияны түнгө чейин кабыл алышарын айтышты.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Эртең, 30-апрелде, жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктай турганын Мамлекеттик салык кызматы эскертти.
Маалыматка ылайык, бүгүн жана эртең бардык аймактык салык органдары декларацияны саат 24:00гө чейин кабыл алышат.
1-майга чейин төмөнкүлөр салык декларациясын тапшырат:
жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;
менчигинде салык алынуучу мүлкү жана жер тилкеси (короо-жайынан башка) бар жеке жактар;
юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;
мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган, илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруу-тескөө функциялары менен байланышпаган башка иштерди жүзөгө ашыруучу мекемелердин, ишканалардын же уюмдардын кызматкерлери;
мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;
эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу барлар;
жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммага мүлк сатып алган жеке жактар.
Салык кызматын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2024
Салык кызматы декларацияны күнүгө түн жарымга чейин кабыл ала баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0