"Унаа" майрам күндөрү иштей турган бөлүмдөрдүн тизмесин жарыялады

© Фото / пресс-служа ГУ "Унаа""Унаа" мамлекеттик ишканасы . Архивдик сүрөт
Унаа мамлекеттик ишканасы . Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2024
Жазылуу
Мекеме 6-майдан тарта бардык каттоо бөлүмдөрү кадимки режимде иштей баштаарын белгиледи.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. "Унаа" мамлекеттик ишканасы майрам күндөрү иштей турган бөлүмдөрүнүн тизмесин жарыялады.
Ага ылайык, 4-майда саат 08:30дан 17:30га чейин (12:00-13:00 тыныгуу) төмөнкү бөлүмдөр ишейт:
Ч.Валиханов көчөсү, 2 ("Аю Гранд" соода комплекси) дарегинде жайгашкан Бишкек шаардык бөлүмү, сурап-билүү үчүн телефон: 0312 63-23-63;
Военно-Антоновка айылындагы ("РИОМ-Авто" унаа базары) аймак аралык бөлүм, сурап-билүү үчүн телефон: 312 46-39-10;
Ош шаары, Көкүм-Бий көчөсү, 168 ("Жапалак" унаа базары) дарегиндеги Ош-2 сектору.
Мекеме 6-майдан тарта бардык каттоо бөлүмдөрү кадимки тартипте иштей баштаарын кошумчалады.
Белгилей кетсек, өлкөдө май майрамдарына байланыштуу 1-майдан 6-майга чейин эс алуу күндөрү болот.
Айдоочу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2024
Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алган кыз-келиндердин саны өсүүдө. Статистика
Жаңылыктар түрмөгү
0