Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Султангазиева: китеп күнүнө чет элдик жазуучулар да келишти

© Sputnik / Асылбек БактыбековКасымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасынын директору Роза Султангазиева
Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасынын директору Роза Султангазиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2024
Жазылуу
Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасынын директору Роза Султангазиева жыл сайын окурмандарды көбөйтүү максатында Китеп күнү белгиленип келе жатканын айтты.
Быйыл Китеп күнү Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналды. Бул тууралуу Роза Султангазиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Султангазиева: китеп күнүнө чет элдик жазуучулар да келишти
Анын айтымында, быйыл Китеп күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чарага Россиядан, Түркиядан да жазуучулар келип катышып кетишти.

"Китеп көргөзмөлөр китептин тарыхына да арналган. Ушул 100 жыл ичинде кандай китептер чыгып, кандай өзгөрүүлөр болгону камтылды. Муну окурмандарга ачып берүү керек болду. Китепкана көргөзмөдө 20га жакын аянтчаларды уюштуруп берди. Алардын ичинен "Эрудит" аянтчасында кыргыздын көрүнүктүү инсандарынын, тарыхтын негизинде конкурс, викториналар уюштурулду. "Китеп менен келечекке", "Жомокко саякат", "Спорт" аянтчалары да кызыктарды тартуулады. Техникага арналган аянтча да келген меймандардын бүйүрүн кызытты. Окурмандардын саны 2000ге жетти. Аба ырайы бузулганына карабай китеп сүйүүчүлөрдүн көптүгү сүйүндүрдү. Китеп палатасы да өзүнчө аянтчаларды уюштурду. Китептер да жылдан-жылга өзгөрөт. Иллюстрациялары кооз китептер текчелерде жайнап турганы абдан кубандырды. Окурмандардын саны да артып баратат", — деди Султангазиева.

Ал китепканага күнүнө 1 500 адам келип турарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0