Кытайда автомагистраль урап, кеминде 19 адам каза болду. Видео

© AFP / STRКытайдын тез жардам кызматынын автоунаалары. Архив
Кытайдын тез жардам кызматынын автоунаалары. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2024
Жазылуу
Жер соңку күндөрү аймакта жааган нөшөрлүү жамгырдан кийин көчкөн.
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясында автомагистраль урап, кеминде 19 адам каза болду. Бул туурасында РИА Новости КЭРдин Борбордук телеберүүсүнө шилтеме берип жазды.
"Саат 11:45ке карата уранды астынан 18 унаа табылды, жалпысынан 49 адам жаракат алса, 19у каза болду", — деп айтылат маалыматта.
Телеканал жабыркаган 30 адам учурда ооруканада экенин кошумчалаган.
Гуандун провинциясынан Фуцзянь провинциясына кеткен жол болжол менен түнкү саат 02:10до урап түшкөн. Кырсыкта автомагистралдын узундугу 17,9 метр, жалпы аянты 184,3 чарчы метр жери көчүп кеткен. Алдын ала маалымат боюнча, жер соңку күндөрү аймакта жааган нөшөрлүү жамгырдан кийин көчкөн.
Айдоочу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2024
Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алган кыз-келиндердин саны өсүүдө. Статистика
Жаңылыктар түрмөгү
0