Ысык-Көлдө ишкердин бизнесин тартып алмак болгон 4 адам кармалды. Видео

© AFP / NOEL CELISШектүүлөрдү кармоо. Архив
Шектүүлөрдү кармоо. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Ысык-Көл облусунда өзүн криминалдык топтун мүчөсүмүн деп тааныштырып ишкерди опузалаган төрт адамды кармады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Милиция шектүүлөр алдын ала сүйлөшүп алып, узак убакыттан бери ишкерди коркутуп, бизнесин тартып алууга аракет кылып жүрүшкөнүн аныктаган.
Бул факт боюнча чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу") боюнча кылмыш иши козголду.
ИИМдин кызматкери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2024
Майрам күндөрү милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт
Жаңылыктар түрмөгү
0