Сузакта кокусунан жылып кеткен Porter 29 баланы коюп кетти

CC BY-SA 2.5 / mliu92 / Hyundai Porter / croppedHyundai Porter үлгүсүндөгү автоунаа. Архив
Hyundai Porter үлгүсүндөгү автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2024
Жазылуу
Окуя саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө.
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Porter үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа иш-чарага келген 29 баланы коюп кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кырсык бүгүн, 2-майда, саат 13:30дар чамасында болгон. Алдын ала маалымат боюнча, унаада балмуздак сатылып жаткан. Ал кокусунан жүрүп кетип, балдарды аралап кеткен.
Саламаттык сактоо министрлиги кырсыктан 9 жаштан 16 жашка чейинки балдар жабыркаганын билдирди.
Учурда ооруканага жалпысынан 18 бала (абалдары орто оор) жаткырылып, алардын жетөө Жалал-Абад облустук балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн (алардын ичинен үчөө оор абалда). Калган 11 жеткинчекке жеринен жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
"Окуя министр Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө. Тийиштүү бардык жетекчилерге сапаттуу медициналык жардам берүү, ошону менен бирге керектелүүчү дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуу тапшырылды", — деп билдирди ведомство.
Сокулукта окуучу кызды сүзүп качкан BMW автоунаасынын айдоочусу кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2024
Сокулукта окуучу кызды сүзүп качкан BMW автоунаасынын айдоочусу кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0