Сузакта Porter сүзүп кеткен окуучулар. Облустук милиция окуянын чоо-жайын айтты

© AFP / JAY DIRECTO Распространение брюшного тифа в Маниле
Распространение брюшного тифа в Маниле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2024
Жазылуу
Айдоочу балдарга балмуздак таратканы барганын айткан.
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Сузакта Porter сүзүп кеткен окуучулар боюнча Жалал-Абад облустук милициясы маалымат берди.
Буга чейин массалык иш-чарада ондогон баланы жүк ташуучу унаа коюп кеткени белгилүү болгон.
Жалал-Абад облустук милициясы окуя бүгүн, 2-май күнү, саат 14:00дөр чамасында Катмы жайлоосунда болгонун билдирди. Алгач 102ге кабар берген милиционер балдарга бекер балмуздак таратууга келген 48 жаштагы киши унаасын өчүрбөстөн түшүп кеткенин айткан.

“Айдоочу көрсөтмөсүндө Porter унаасынан түшүп, Жерге-Тал айылдык мектебинин директорунан балмуздакты кайсы жакка жеткирүү керек экенин сурап телефон чалып жатканда машинасы ылдыйга түшүп кеткенин, артынан токтотконго жетишпей калганын айтты”, деди милиция.

“Урааным Манас” иш-чарасына 3 миң окуучу катышканы белгилүү болгон.
Окуядан кийин жалпы 31 окуучу ооруканага кайрылып, 18и жаткырылган. Анын ичинен сынган жаракаттары бар төрт бала оор абалда реанимацияда. Калганы амбулатордук жардам алган.
Азыркы учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуяга күбө болгондор суралып, ыкчам тергөө иштери жүрүүдө.
Кылмыш ишинин документтери чогулган папка. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2024
Сот Балыкчыда тестиер кызды сүзүп кеткен милиционерди бошотуп, иш токтотулду
Жаңылыктар түрмөгү
0