Күн ысыйбы? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектин Эркиндик бульварында сейилдеп жургон адамдар. Архив
Бишкектин Эркиндик бульварында сейилдеп жургон адамдар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2024
Жазылуу
Айрым жерлерде жамгыр жааса, кээ бир аймактарда күн катуу ысыйт.
БИШКЕК, 5 -май — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги 11-майга чейинки аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Синоптиктердин божомолу боюнча, Бишкекте 10-майга чейин күн ачык болмокчу. 10-11-майда жамгыр жаашы ыктымал. Абанын температурасы апта ортолоп калганда 29 градуска чейин көтөрүлөт.

Чүй, Талас облустары

Чүй жана Талас облустарында 6-майда жамгыр жаап, кайра 7-майдан 10-майга чейин күн ачык болору божомолдонду. 10-11-майда күндүн көзү бузулуп жамгыр жаайт. Абанын температурасы 10-майга чейин Чүйдө 27...29, Таласта 25...27 градуска чейин жогору болору күтүлүүдө. 10-майдан баштап жамгыр жаап, абанын температурасы төмөндөйт.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

Өлкөнүн түштүк аймактарында аптанын алгачкы күнү, тагыраагы, 6-майда күн себелеп, тоолорго жаан, кар жаашы күтүлүүдө. 7-9-майга чейин күн ачык болсо, 10-11-майда жамгыр жаашы ыктымал. Абанын температурасы 6-майдан тарта жогорулап, 8-9-майда 30 градуска чейин ысыйт.

Ысык-Көл, Нарын облустары

Апта ичи Ысык-Көлдө жаанчыл болушу күтүлүүдө. 8-9-майда күн ачык болсо, башка күндөрү жамгыр, тоолорго кар жаайт. Абанын температурасы 14...19 градустан 9-майда 20...25 градуска чейин жогоруламакчы. Ал эми Нарында 6-10-майда жамгыр жааса, башка күндөрү күн ачык болуп, абанын температурасы 22...24 градуска чейин жылымакчы.
Ысык-Көлдөгү Run the Silk Road аттуу эл аралык марафон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2024
Ысык-Көлгө барчуларга кулак кагыш. Айрым жолдор маал-маалы менен жабылат
Жаңылыктар түрмөгү
0