Сузакта балдарды сүзгөн жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу үй камагына чыгарылды

© Sputnik / Сергей МамонтовКишен. Архивдик сүрөт
Кишен. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2024
Жазылуу
Чечимди Жалал-Абад шаардык соту кабыл алган.
БИШКЕК, 5 -май. — Sputnik. Сузакта балдарды сүзүп кеткен Hyundai Porter автоунаасынын айдоочусу үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.
Мындай чечимди Жалал-Абад шаардык соту кабыл алган.
"Окуядан кийин Ж.Б. аттуу адам ОИИБге жеткирилип, суракка алынып, андан кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен ал үй камагына чыгарылды", — дешти облустук милициядан.
Эске салсак, 2-май күнү саат 14:00дөр чамасында Катмы жайлоосунда манас айтып жаткан балдарды Porter автоунаасы жылып кетип, сүзгөн. Кырсыктан 35тей бала жабыркаган. Кечээ, 3-майда, алардын айрымдары Бишкекке алып келинген.
48 жаштагы айдоочу көрсөтмөсүндө балдарга бекер балмуздак таратканы барганын, Жерге-Тал айылдык мектебинин директорунан таттууну кайсы жакка жеткирүү керек экенин сурап телефон чалып жатканда машинасы ылдыйга түшүп кеткенин, артынан чуркап, токтотконго жетишпей калганын айткан.
4-майда 9 жаштагы кыздын башына операция жасалып, окуучулардын абалы туруктуу экени айтылды. Президент да окуучулардан кабар алган.
ИИМдин кызматкерлери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2024
Сузактагы кырсыкка байланыштуу ИИМдин 12 кызматкери жазаланды
Жаңылыктар түрмөгү
0