Генеральная репетиция парада к 79-летию Победы в Великой Отечественной войне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

ЖМКлар Киевге берилчү жардамдын кечиктирилишинин кесепети тууралуу жазышты

© AFP / ROMAN PILIPEYУкраин аскери. Архивдик сүрөт
Украин аскери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2024
Жазылуу
Бул абал Украина үчүн кыйынга турары белгиленген.
БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Вашингтон бир топ убакыт күттүрүп жатып, анан гана беребиз деп чечкен миллиарддык аскердик жардамдын кечиктирилишинин кесепети Киев үчүн оңойго турбай калды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Guardian гезитине таянып жазды.

"АКШнын аскердик жардам берүүсүнүн алты айга кармалышы Украина үчүн кыйынга турат. Бул жагдай Киевдин өткөн жылдын жайында ийгиликсиз болуп калган контрчабуулунан кийин Россияга стратегиялык демилгени колго алууга шарт түздү", – деп жазылат анда.

Ошондой эле жардамдын жаңы топтомунун алкагында Украинага артиллериялык снаряддардын жана ыраакка уча турган ракеталардын алгачкы партиясы жеткирилгени менен техника, курал-жарактын көп келиши үчүн бир нече апта керек экендиги белгиленген.
АКШ Сенаты буга чейин добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Вашингтондун союздаштарына, анын ичинде Украина, Израиль жана Тайвандагы администрацияга сырткы жардам берүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алган. Ошентип америкалык Конгресстин эки палатасы тең бул мыйзам долбоорун жактырышкан. АКШ президенти Жозеф Байден 24-апрелде чет элдик союздаштарына, анын ичинде Украинага жардам берүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Тактап айтканда, Укрианага 61 миллиард доллар жардам беришет, анын ичинен 23,2 миллиардына Пентагондун кампасынан курал-жарактар жөнөтүлөт, 13,8 миллиарды Украина ачык рыноктордон аскердик зарыл буюмдарды сатып алууга бөлүнөт. 11,3 миллиард доллар АКШнын аймактардагы учурдагы аскердик операцияларын камсыз кылууга жумшалат.
Россия Украинага жөнөтүлгөн ар бир курал абалды жөнгө салууга тоскоолдук жаратат, конфликтиге НАТО өлкөлөрүн түздөн-түз кийлигиштирип "от менен ойноп" жатат деп эсептейт. РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров Украинаны куралдандыруу үчүн берилген ар бир жардам Россиянын максаттуу бутасы болорун айткан. Ал билдиргендей, АКШ жана НАТО Украинаны курал-жарак менен камсыздоо менен жаңжалга түздөн-түз катышкандан тышкары, Улуу Британия, Германия, Италия жана башка өлкөлөрдө адистерди даярдоо менен алек болушууда. Кремль Батыш тараптын Украинаны курал менен камсыздоосу сүйлөшүү жолуна алып келбей турганын, тескерисинче, мындан терс натыйжа чыгарын айткан.
Крымдын Ялта шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2024
Батыштын да күчү жетпейт. Украин генералынын Крымды алуу боюнча айтканы
Жаңылыктар түрмөгү
0