Праганы да Жеңиш күнү бошотушкан. Тарыхый видео

Жазылуу
1945-жылдын 6-майында башталган советтик аскерлердин Париждик чабуул деген аталыштагы операциясы жеңиш менен дал Жеңиш күнү аяктаган. Муну соңку чек деп да атоого болот.
Берлинди камалоо бүтүп калган чакта Прагада генерал-фельдмаршал Шёрнердин жетекчилиги алдындагы "Центр" армиясынын тобунда бир миллионго чукул күч турган. Бул генерал англиялык-америкалык союздаштарына тоң моюндугун көрсөткүсү келген, бирок кырдаал кыйындап, акырында аскерлерди башкара албай, жай жарандарча кийинип тоону көздөй качкан.
"Чехтер бизди эң сонун тосуп алышты. Балдар танкаларга муздак суу куюлган чакаларды көтөрүп жетип келишти. Кучак толгон сирендерди танкисттерге сунушту. Эл кубанганынан кыйкырып, жоокерлерди кучактап, өпкүлөп жатышты", — деп айтып берген советтик танкист Василий Москаленко.
Праганы 9-майда бошотушкан, бирок 11-майда эртең менен гана советтик аскерлер нацисттерден калааны толук тазалашкан. Бул Кызыл армиянын Улуу Ата Мекендик согуштагы акыркы операциясы болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0