Кыргызстанда тогуз объект аукционго коюлду. Видео

© AFP / JEFF PACHOUDАукциондун балкасын кармап турган адам. Архив
Аукциондун балкасын кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2024
Жазылуу
Мүлктүн ичинде уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүүдө алынган объектилер да бар.
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызстанда мамлекеттик менчикке өткөн объектилерге аукцион жарыяланганын Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, мүлктүн ичинде уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүүдө алынган объектилер да бар.
Аукционго Бишкектин түштүгүндөгү эгиз мунараларда жайгашкан чоң кеңсе, борбор калаанын чок ортосундагы "Ай-Пери" бизнес-борбору (видеодогу), Таш-Көмүрдөгү "Кристалл" заводу, "Ак-Марал" жана "Зодиак" эс алуу борборлору, Чолпон-Ата шаарындагы "Баткен Комфорт" базары жана Ош шаарындагы курулуш компаниясынын объектилери коюлду.
Толук маалыматты (0557) 33-77-23 телефону аркылуу, ошондой эле сайттан билсе болот.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2024
ЖКда Көлбаевдин Ататүрктөгү аукционго коюлган мүлкүн паркка кайтаруу талабы айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0