ЖМК: Путиндин инаугурациясына катышуу маселеси Евробиримдикте ажырым жаратты

© AFP / OLI SCARFFЕвробиримдиктин күйүп жаткан желеги. Архив
Евробиримдиктин күйүп жаткан желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2024
Жазылуу
ЖМК Франция, Венгрия жана Словакия инаугурацияга өз өкүлдөрүн жиберүүнү көздөп, ал эми Германия жана Евробиримдиктин башка өлкөлөрү салтанатка катышууну туура эмес деп эсептешерин жазган.
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Владимир Путиндин инаугурациясына катышуу боюнча маселе Евробиримдикте ажырым жаратты. Бул тууралуу Spiegel журналына шилтеме кылып, РИА Новости билдирди.
Маалыматка ылайык, Франция, Венгрия жана Словакия инаугурацияга өз өкүлдөрүн жиберүүнү көздөп, ал эми Германия жана Евробиримдиктин башка өлкөлөрү салтанатка катышууну туура эмес деп эсептөөдө.
Ошондой эле иш-чарага Евробиримдиктин Москвадагы расмий өкүлү да катышпай турганы белгиленген.
Европа дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррель Евробиримдиктин салтанатка катышуусуна каршы чыкканы менен бул пикирге кошулбагандар да болду. Алардын пикиринде, аземге катышуудан баш тартуу Россияга "келечекте көптөгөн дипломатиялык эрежелерди көңүл сыртында калтырууга" себеп болушу ыктымал.
Салтанатка өкмөт мүчөлөрү, Мамдуманын депутаттары жана сенаторлор, президенттик аппараттын жетекчилери, Конституциялык соттун судьялары, дипломатиялык корпус жана башка мамлекеттик кызматкерлер, ошондой эле спорт жана шоу-бизнес жылдыздары катышат.
Россиянын президенти Владимир Путиндин инаугурациясы Кремлде өтүп жатат. Бул — Путиндин саясий карьерасындагы бешинчи инаугурация аземи. Ал 2030-жылга чейин президенттик кызматты ээлейт. Россияда президенттик шайлоо 15-17-март аралыгында өтүп, анын жыйынтыгы боюнча Владимир Путин добуштардын 87,28 пайызын алган.
Sputnuk Кыргызстан инаугурация аземинен түз алып берүүдө.
Президент Владимир Путин өкмөт мүчөлөрү менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2024
Путин Мишустиндин өкмөтүнө ыраазычылык билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0