Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу октябрда башталат

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүТемир жолдун курулушу. Архив
Темир жолдун курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2024
Жазылуу
Кыргызстан бул магистраль салынып калса транзиттик өлкөгө айланмакчы.
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу октябрда башталат. Бул тууралуу Садыр Жапаров Ош облусуна болгон сапарында билдирди.
Бишкек, Пекин жана Ташкент бул мегадолбоорду ишке ашыруу механизми боюнча бирдиктүү пикирге келишкени буга чейин маалым болгон. Кытайдын темир жол боюнча мамлекеттик корпорациялары аны ишке ашырууга даярдыгын билдиришкен.
Темир жол курулса Кытай менен Борбор Азияны байланыштырып, Европа жана Перс булуңундагы өлкөлөргө жаңы транспорт каттамдарын ачат. Кыргызстан бул магистраль салынып калса транзиттик өлкөгө айланмакчы.
Белгилей кетсек, 6-майда Садыр Жапаров Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Анын алкагында мамлекет башчы облусту жана Ош шаарын өнүктүрүү планы менен таанышып, Исхак Раззаков атындагы мектептин жаңы имаратын ачып, муну менен бирге өлкө боюнча дагы тогуз мектеп менен эки бала бакчанын ачылышына онлайн катышкан. Мындан тышкары, президент Барак эксклавынан көчүп чыккандар үчүн жаңы айылдын курулушун баштап берди.
Порттогу темир жол. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2024
Кыргызстанда ири темир жол порту салынышы мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0