Өлкөдө 17,8 млн сомго сериал тартуу пландалууда. Тендер жарыяланды

© Sputnik / Михаил Голенков / Медиабанкка өтүүКино тартып жаткан оператор. Архив
Кино тартып жаткан оператор. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2024
Жазылуу
"Тайган туйгун" аталышындагы детектив жанрындагы сериал тартуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу мерчемделген.
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызстанда 17,8 миллион сомго сериал тартуу пландалууда. Ал үчүн Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаментинин "Кыргыз сериал" мамлекеттик мекемеси тендер жарыялаган.
Маалыматка ылайык, көркөм чыгарма детектив жанрында болуп, сметалык баасы 17 миллион ​​881 миң 817 сомду түзөт.
Анда бекитилген сценарийдин негизинде "Тайган туйгун" көркөм сериалын уюштуруу жана тартуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр сатып алынары белгиленген.
Тендердик сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү — 10-май.
ЧӨБ Кыргыз сериал мамлекеттик мекемесинин жетекчисинин орун басары Аруна Акунова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2023
Радио
Акунова: "Кыргыз сериал" баалуулуктар боюнча 12 ролик тартты
Жаңылыктар түрмөгү
0