Британиянын душмандык кадамына Россия катуу жооп берет. ТИМдин билдирүүсү

© Sputnik / Виталий БелоусовРФтин ТИМинин имараты. Архив
РФтин ТИМинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2024
Жазылуу
Дипломат Лондондун жасагандары англичандардын Россияга көзү түз эместигин, кастыгын толук тастыктаарын белгилеген.
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Россия Улуу Британиянын кастык менен жасаган кадамдарына катуу жана так кесе жооп берерин РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова өзүнүн Telegram каналына жазды.
Анын айтымында, Британиянын өкмөтү Россияны чагымга жетелөө саясатынан баш тартууга ниеттенбестен, тирешүүнү курчутуу үчүн да олуттуу аракеттерди көрүп жатат.
Захарова Лондон "Россия элчилигинин коргонуу маселелери боюнча атташесин чыгарып жиберүүдөн тарта 8-майда жарыяланган антироссиялык чараларды бекемдөө үчүн ачык эле калп айтуу" ыкмасынан пайдаланууну чечкенин айткан. Расмий өкүл Лондондун четиндеги коммерциялык кампалардагы өрттөн кандайдыр бир "россиялык из" деген шылтоо менен РФке тиешелүү бир катар кыймылсыз мүлктөрдүн дипломатиялык статусун алып салууга да ниеттенип жатканын белгилеген.
"Британиялыктардын биздин өлкөгө койгон айрым жаман ниеттеги иштерге тиешеси бар деп койгон дооматтарын өтө жоопкерчиликсиз жана орунсуз деп эсептейбиз. Айрыкча алардын чыгарган бүтүмдөрүнө далил да жок. Мындай тактиканы Лондон биринчи ирет колдонуп жаткан жери жок", — деген ал.
Захарова Улуу Британия бийлигинин жасагандары алардын Россияга көзү түз эместигин, кастыгын толук тастыктаарын белгилеген.
"Лондонго бизге жаман ойдо жасаган кадамдарына ошондой эле жооп аларын бир нече ирет эскерткенбиз. Биз катуу жана так кесе реакция кылабыз", — деп кошумчалаган ТИМ өкүлү.
РФ ТИМинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кэмерон Киевдин Россияга сокку уруу "укугу" тууралуу айтты. ТИМдин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0