Путин: Россия глобалдык тирешти болтурбоого бар күчүн жумшайт

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүУлуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган аскердик парады
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган аскердик парады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2024
Жазылуу
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган Кремлдеги салтанатта сүйлөгөн сөзүндө президент Россия эч кимге өзүн коркутууга жол бербесин белгиледи.
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Россия глобалдык тирешти болтурбоо үчүн бар күчүн жумшайт, ошол эле учурда эч кимге коркутууга жол бербейт. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин билдирди.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган Кремлдеги салтанатта Россия лидери колониялык саясатын жалгандан курап көнгөндөр Экинчи дүйнөлүк согуш жөнүндө чындыкты бурмалоого аракет кылып жатышканын белгиледи.
"Алар нацизмге каршы чыныгы күрөшкөндөрдүн эстеликтерин кыйратышат, чыккынчыларды жана гитлерчилердин тарапташтарын кадырлап, боштондукка чыгарган жоокерлердин эрдигинин жокко чыгарышат. Батыш элитасынын жалпы саясаты — реваншизм, тарыхты шылдыңдоо, фашисттердин жолдоочуларын актоого умтулуу, жаңы регионалдык чыр-чатакты козутуу жана эгемендүү өнүгүү борборлорун тизгиндөөгө багытталган", — деди Путин.
Ошондой эле ал Россиянын стратегиялык күчтөрү ар дайым даярдыкта экенин кошумчалады.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жеңиш парадында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2024
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жеңиш парадында. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0