5000 сомдук банкнотанын жаңысы жүгүртүүгө чыгарылды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба НБКР5000 сомдук банкнотанын жаңысы жүгүртүүгө чыгарылды
5000 сомдук банкнотанын жаңысы жүгүртүүгө чыгарылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2024
Жазылуу
Банкнота үч деңгээлден турган заманбап коргоо элементтер комплексин камтыйт.
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Улуттук банк бүгүндөн баштап 5000 сомдук жаңы банкнотаны жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу башкы банктын маалымат кызматы кабарлап, сүрөтүн жарыялады.
Ага ылайык, бул — улуттук валютанын бешинчи сериядагы үлгүсү.
© Фото / пресс-служба НБКРВведение в оборот новой банкноты номиналом 5000 сомов
Введение в оборот новой банкноты номиналом 5000 сомов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2024
Банкнотанын алдыңкы бетинде кыргыздын залкар инсаны, актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтү, арткы бетинде "Ала-Тоо" кинотеатрынын имараты сакталган. Купюранын түсү жана өлчөмү өзгөргөн эмес.
Акча үч деңгээлден турган заманбап коргоо элементтер комплексин камтыйт:
суу белгиси: бир канча түстү камтыган портрет жана номинал түрүндөгү электротип;
коргоо тилкеси: үзүк сызык, жарыкка салып караганда бүтүн (үзгүлтүксүз) болуп көрүнөт. Анда номинал саны жана ромб түрүндө Улуттук банктын логотиби, банкнотаны жантайтып караганда ромб фигурасы менен сызык кубулгандай көрүнөт;
бири-бирине дал келген сүрөттөлүш: банкнотанын алдыңкы жана арткы беттериндеги сүрөттөрдүн фрагменттери жарыкка салып кароодо ромб формасын түзөт;
банкнотаны кол менен сыдырганда бетине түшүрүлгөн портреттин, жазуулардын, сан жана тамга түшүрүлгөн жерлеринде рельефти (одуракайлык) сезүүгө болот;
жашыруун сүрөт: банкнотаны жантайтып караганда көп түстүү сом белгиси – С пайда болот;
түстөрдүн өзгөрүшү: банкнотаны жантайыңкы кароодо көлөмдүү шакектер көрүнүп, оюу (орнамент) алтын түстөн жашылга өзгөрөт;
жалтырак тилке (арткы бетинде) банкнотанын номиналы жана Улуттук банктын логотиби түрүндө берилген.
Улуттук валютанын бардык банкноталары өлкө аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына карабастан төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2024
Садыр Жапаров банкирлерди куттуктап, бир катар талаптарды койду
Жаңылыктар түрмөгү
0