Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Конституциялык соттун курамы тогуз кишиден азайбашы керек

© Sputnik / Асылбек БактыбековКонституциялык соттун судьясы Чынара Айдарбекова
Конституциялык соттун судьясы Чынара Айдарбекова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2024
Жазылуу
Конституциялык соттун судьясы Чынара Айдарбекова Конституциялык соттун курамынын саны көп болсо талкуусу да узакка созуларын, ар тараптуу пикир болуп, чечимди туура чыгарууга мүмкүн болорун айтты.
Конституциялык соттун курамы тогуз кишиден азайбашы керек. Учурда Конституциялык соттун төрагасынан, төраганын орун басарынан жана жети судьядан турарын Чынара Айдарбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Конституциялык соттун курамы тогуз кишиден азайбашы керек
Анын айтымында, буга чейин Конституциялык палатанын курамы 11 судьядан түзүлгөн.
"Конституциялык сот конституциялык көзөмөл жүргүзүүчү сот бийлигинин жогорку органы жана ал бардык башка коомдук бийликтен көз каранды эмес. Судьялар Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен шайланат. Учурда Конституциялык соттун төрагасынан, төраганын орун басарынан жана жети судьядан турат. Эгерде тогуз судьянын кворуму алты киши болуп, анын көпчүлүгү төрт гана адам болуп алат. Демек, маселени төрт эле адам чечип коюшу мүмкүн. Андыктан Конституциялык соттун курамы тогуз кишиден азайбашы керек. Судьялардын саны көп болсо талкуусу да узак болот, ар тараптуу пикир болуп, чечимди туура чыгарууга шарт түзүлөт. Мисалы, Казакстанда Конституциялык кеңеш Конституциялык сот болуп өзгөрүп, курамы 7 кишиден 11ге көбөйдү. Бизде 2020-жылы Конституциялык палатанын судьялары абдан көп деген сын айтылган эле", — деди Айдарбекова.
Ошондой эле адис судьялыкка өз пикири бар, тажрыйбалуу юристтер келиши керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0