Жерди жогорку деңгээлдеги магниттик бороон каптайт

Күн. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2024
Жазылуу
Максималдуу деңгээл G5 болуп саналат, электр тармагындагы масштабдуу көйгөйлөрдү жаратып, спутниктердин, радиобайланыштардын ишине олуттуу зыян келтириши мүмкүн.
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Акыркы 20 жылда биринчи жолу Жерде эң жогорку, бешинчи деңгээлдеги магниттик бороон болушу мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новостиге Россиянын Илимдер академиясынын Космос изилдөө институтунун Күн астрономиясы лабораториясынын башчысы Сергей Богачев билдирди.
"Үч күндүн ичинде Күн биздин планетага төрт өзгөчө чоң плазма булутун ыргытты. Алардын айрымдары жолдо биригип, эсептөөлөр боюнча, бүгүн түнү Жердин магнит талаасына тиет", — деди ал.
Адистин айтымында, бороондун деңгээли G4.33төн кем болбойт. Ошол эле учурда 2005-жылдан бери алгачкы ирет G5ке жетип кетүү мүкүнчүлүгү 15 пайызды түзөт.
Магниттик бороондордун күчү беш баллдык шкала боюнча бааланат. G1 деңгээлиндеги бороондор эң алсыз болуп эсептелет, алар электр приборлорунун иштешине дээрлик таасир этпейт. G3 деңгээли – бул энергетикалык системаларга түздөн-түз таасирин тийгизген жана спутниктик навигацияны, радиобайланышты үзгүлтүккө учураткан катуу бороон. Максималдуу деңгээл G5 болуп саналат, электр тармагындагы масштабдуу көйгөйлөрдү жаратып, спутниктердин, радиобайланыштардын ишине олуттуу зыян келтириши мүмкүн.
Акыркы эки сутканын ичинде Күндүн бетинде эң жогорку X даражадагы алты жарылуу болду. Азыркы тапта жарылуунун активдүүлүгү 10 баллдык шкала боюнча 9,8ди түзүүдө. Эки-үч күндүн ичинде жарылуучу энергия азаят. Богачевдун айтымында, ар түрдүү даражадагы геомагниттик бороон-чапкындар жуманын соңуна чейин Жер бетинде уланышы мүмкүн.
Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин катчысы, Экономика илим-изилдөө институтунун директору Батыркул Баетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2024
Радио
Баетов: дүйнөдө илимдин рентабелдүүлүгү 1500 пайызды түзөт
Жаңылыктар түрмөгү
0