Айыл чарба министрлиги жумуртка импортуна убактылуу тыюу салууну сунуштоодо

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСатып алуучу тооктун жумурткасын супермаркетте тандап жатат. Архив
Сатып алуучу тооктун жумурткасын супермаркетте тандап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2024
Жазылуу
Жергиликтүү ишкерлер өлкөнү жумуртка менен камсыздай алышарын билдиришкен.
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Өлкөдө жарым жылга жумуртканын импортуна тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоорун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги коомдук талкууга койду.
Мындай чечимди жергиликтүү ишкерлердин кайрылуусунан кийин кабыл алуу каралган. Алар ички муктаждыкты толук камсыздай турганына ынандырышууда. Максаты азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, бааны турукташтыруу жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо экени айтылган.
"Кыргызстанда ири жана үй-бүлөлүк майда чарбаларда жумуртка өндүрүлөт. Бул сектор өлкөнүн айыл чарбасынын олуттуу үлүшүн түзүп, көптөгөн айыл тургундары үчүн кирешенин маанилүү булагы болуп саналат", — деп жазылган документтин негиздемесинде.
Республикада соңку эки жылда канаттуулар чарбачылыгы кеңейип, жергиликтүү өндүрүш болжол менен эки эсеге өскөнү кошумчаланды.
Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору Сагынбек Турсуналиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2024
Радио
Мобилдик тоок фермасын иштетип канча каражат тапса болот?
Жаңылыктар түрмөгү
0