Абдрахматов: 2017-жылдын апрель-май айында жер титирөө көп болот

Жазылуу
Башкы сейсмолог адатта жаңы жылга жакын декабрь, январларда сейсмикалык активдүүлүк күчөй тургандыгын айтты.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Жыл сайын эле жаңы жылга жакын декабрь, январда сейсмикалык активдүүлүк күчөйт. Андан сырткары 2017-жылдын жылдын апрель-май айында жер титирөөнүн саны көп болот. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматов билдирди.

Акыркы айлары Кыргызстандын түштүк аймагында жердин термелүүсү арбыныраак болсо, анын ичинен акыркы эки күн ичинде 5 баллга чейин жеткен учур катталды. Ал эми бүгүн таңда катары менен экөө катталып, алардын бири Нарын облусунда болду. 

"Бизде бүгүн таңда болгон жер силкинүү орточо күчтүү жер титирөөнүн катарына кирет. Бул кадыресе эле көрүнүш, жыл сайын бизде кубаттуулугу 4-5 баллга жеткен 10-15 силкинүү катталат. Адатта жаңы жылга жакын декабрь, январларда сейсмикалык активдүүлүк күчөйт. Бирок мунун анчалык деле коркунучу жок", — деди Абдрахматов. 

Сейсмологдун айтымында, келе жаткан жазда сейсмикалык активдүүлүк күчөйт.

"Дагы бир сезон бар, май-апрелде мен айткан сейсмикалык активдүүлүк күчөп, саны кескин түрдө көбөйүп, сегиз миңге жетиши болжолдонуп жатат. Жер титирөөлөрдүн саны тынч болгон учурларда жыл сайын 3-4 миң деп катталса, активдүү болгондо 8 миңге чейин жетет. Бирок бул катуу силкинүү эмес", — деди Кыргызстандын башка сейсмологу.

Абдрахматов бул боюнча азыр иликтөөлөр жүрүп, жогорудагы божомол азыр такталып жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0