Эртең Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлерине кар жаайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКол чатыр көтөргөн адам. Архив
Кол чатыр көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүндүгүн Кыргызгидромет билдирди.

Сильный снегопад в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Майрамда оорубаш үчүн эмне кылуу керек? Адистерден 10 кеңеш
Маалыматка ылайык, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Чүй жана Талас облустарында 0…+5 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында +2…+7 градус жылуу болот. Ысык-Көлдө 0…+5 градус болсо, Нарында —11…-16 градуска чейин суук болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0