Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айдаралиев: Ат-Башыда 37 градус суук, мектеп каникулун узартууну өтүнөбүз

© Фото / Нурзада МукашеваАт-Башы айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбек Айдаралиев
Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбек Айдаралиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ат-Башы районунда аба ырайы —35…-37 градус суук болуп жаткандыктан ата-энелер кышкы каникулду узартууну өтүнүп жатышат.
Айдаралиев: Ат-Башыда 37 градус суук, мектеп каникулун узартууну өтүнөбүз

Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбек Айдаралиевдин айтымында, мектеп окуучулары эки сменде окушат. 

"Короодогу термометр эртең менен саат 7.00дө —27 градусту көрсөтүп турду. Сабак саат 8.00дө башталгандыктан балдар үйдөн 7.30да чыгып кетүүсү керек болуп жатат. Бул абдан эле караңгы жана суук мезгил. Мага ата-энелер арызданып, бул маселени жогору жакка жеткирүүнү өтүнүп жатышат", — деди Айдаралиев. 

Анын айтымында, учурдагы кырдаалды эске алып балдардын каникулун узартуу сунушу түшүүдө. 

"Өткөндө бул маселени талкуулоо үчүн жыйын өттү. Анда акимдин орун басарына элдин үнүн жогору жакка жеткирүү сунушу берилди", — деди Айдаралиев. 

Ал ошондой эле теледен берилген аба ырайы туура эмес экенин айтып, эл нааразы болуп жатканын билдирди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0