Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абулгазиев: 300 метрден алыс көрүүгө мүмкүнчүлүк болгон учурда гана конууга болот

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевБиринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиевдин архивдик сүрөтү
Биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи вице-премьер кырсык болгонго чейин аэропортко 11 учак конгондугун кошумчалады.
Абулгазиев: 300 метрден алыс көрүүгө мүмкүнчүлүк болгон учурда гана конууга болот

Кыйраган учактын учкучтары 325 метр алысты көрүшкөндүктөн конууга уруксат берилген. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев журналисттерге маалымат берип жатып билдирди. 

Эске салсак, 2017-жылдын 16-январында Гонконг — Стамбул каттамы боюнча учкан учак "Манас" аэропортуна май куюу үчүн конуп жатып кырсыктап, Дача-Суу айылына кулап түшкөн. Анын кесепетинен отуздан ашык киши каза болуп, жыйырмадан ашык үй жабыркаган.

"Чогулган маалыматтар боюнча учак конор алдында уруксат сураган. Ал учурда 325 метр алдын көрүүгө мүмкүнчүлүк болгон. Ошол үчүн уруксат берилген. Эреже боюнча 300 метрден алыс көрүүгө мүмкүнчүлүк болсо гана уруксат берилет", — деди вице-премьер. 

Аталган кырсыктан улам 17-январь аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Учактын кыйрашына байланыштуу бардык маалыматтардын топтомун бул жактан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0