Импичменттин шарты жана арты: Текебаевдин демилгесинин деми канча?

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев жыл жынтыгы боюнча пресс-конференция учурунда. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев жыл жынтыгы боюнча пресс-конференция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Текебаевдин кадамын колдогондор барбы? Аталган суроолорго жоопту төмөнкү матеариалдан окуй аласыздар.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президентке импичмент жарыялай тургандыгын айтып чыкты. Анын белгилешинче Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгүндө мыйзамсыз аракеттер бар.

Жогорудагы жагдайдан улам импичмент деген эмне, анын арты менен президентти иштен алуу канчалык реалдуу, Текебаевдин кадамын колдогондор барбы деген суроолорго жооп издеп көрдүк. 

Алгач депутат Өмүрбек Текебаев импичмент тууралуу түшүндүрүп берди. 

Экс-депутат Камчыбек Ташиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Камчыбек Ташиев: Бабанов мындан ары "Ата Журттун" атын колдонбойт деп ойлойм
Анын айтымында, импичмент — бул ишенбестик көрсөтүү. Мамлекеттик кызматкерлерден тартып президентке чейин ишенбестик көрсөтүлүшү мүмкүн. Президентке импичмент жарыялоо үчүн сөзсүз түрдө анын кылмыш жасагандыгы тууралуу айып керек. Жөн эле тактан алуу мүмкүн эмес. Мыйзам боюнча демилгени парламенттин үчтөн бири же 40тан ашык депутат көтөрсө, Жогорку Кеңеш сөзсүз комиссия түзүшү шарт. Ал комиссия берилген материалдарды иликтеп, мыйзам бузуунун бар-жогун тактайт. Мындан сырткары, президентке коюлган күнөө боюнча прокуратуранын корутундусу керек. Бирок алардын тыянагын парламент эске гана алат. Эгерде 80 депутат импичментти колдосо, анда президент иштен алынат. 

Өмүрбек Текебаев: президентке импичмент жарыялаганымдын эки максаты бар

"Импичмент жарыялоо — бул процесс. Демилге кыска мөөнөттүк акт эмес. Аны жарыялоонун эки максаты бар. Биринчиси — бул кадам азыркы президент менен кийинки мамлекет башчысына чоң сабак болот. Биз документтерди бир нече ай жыйнап, Атамбаевдин алты жылдык ишине ачык-айкын баа беребиз. Аны күнөөлөп кызматтан кетирүү менен кылмыш жообуна тартуу канчалык реалдуу экендиги бул экинчи маселе. Ал кырдаалдан көз каранды. Күздөгү кырдаал жазында башкача болот", — деди Текебаев.

Эл өкүлү президент өлкөнү жетектеп туруп бир партияга жан тартканы кылмыштуулук деген ойдо. 

Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова депутат Өмүрбек Текебаевдин кадамы реалдуу эмес дейт. 

"Өмүрбек Текебаевдин импичмент жарыялоо менен президентти иштен кетирүү аракети реалдуу эмес. Анткени бул өтө татаал процедура. Мыйзам боюнча президенттин күнөөлүү экендигин аныкташ керек. Аны прокуратура аткарат. Аталган орган президенттин алдында туруп кантип каршы чыкмак эле", — деди Сооронкулова. 

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурунку жетекчиси Акылбек Сариев да "Ата Мекен" лидери Өмүрбек Текебаевдин демилгеси суу кечпейт деген ойдо. 

"Ачык айтканда импичмент жарыялаган адамдын (Текебаев — ред.) айткандары менен президентке импичмент жарыялоо мүмкүн эмес. Бул жөн гана саясий кадам. Анткени Атамбаевдин бир партияга жан үрөп жатат дегенин далилдөө зарыл. Ушундай чакырык таштоо менен кошумча саясий кадамга барууда. Ал (Текебаев — ред.) буга чейин компраматтарды чогулткан сайт ачкан. Бул кадам ошонунун уландысы", — деди Сариев. 

Ал демилгени депутаттар колдобой тургандыгын биринчи класстагы бала да түшүнүп тургандыгын кошумчалады. 

Акылбек Сариев: импичмент колдоо таппайт, аны бала да түшүнүп турат

"Демилгени көпчүлүк депутаттар колдобойт. "Ата Мекен" лидеринин айтканы президент кызматтан кетип, башка прокурор келгенде, Акаев, Бакиев кызматтан кеткендегидей кырдаал жаралганда ишке ашышы мүмкүн. Бул киши кадамдарын ошого ылайык тууралап жатат", — деди Сариев.

Экс-депутат Камчыбек Ташиев президентке ишенбестик жарыялоодон мурун фактыларга көңүл буруу керек деген пикирде. 

"Менин оюмча Өмүрбек Текебаев ондон ашуун фактыларды таап чыгат. Алардын бирөөсүнөн эле президенттин мыйзамсыз кадамы табылса, анда импичмент жарыялоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Демилге ишке ашпай калган күндө деле фактылар коомчулукка чыгат", — деди Ташиев.

Ал эми буга чейин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов импичмент жарыялоого негиз жок экенин билдирген. 

Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коалициянын салмагы жана оппозициянын дарамети: тараза ташы кайсы тарапта?
"Айыптоого жана импичмент жарыялоого эч кандай негиз жок. Президент өз ишмердигин баштагандан бери саясий иштерге аралашкан жок. Ал — улут атасы жана Конституциянын гаранты. Анын аракеттеринен КСДП тууралуу айтканын кездештире албайбыз", — деди Өмүркулов. 

Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Алмаз Усенов болсо Sputnik Кыргызстан агенттигине Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүн жөн гана шоу атап, айрым депутаттар иш менен алек болсо, башкалар жөн гана сүйлөй берет деген пикирин айтты.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын август айында Бразилиянын президенти Дилма Русевге Сенат тарабынан импичмент жарыяланып, ээрден шыпырылган. Буга чейин ушул өлкөнүн экс-президенти Фернанду Колорго да импичмент жарыяланып кызматтан алынган. Мындан сырткары, Индонезиянын мурунку президенти Абдуррахман Вахид, Латвиянын экс-президенти Роландас Паксастар импичменттин арты менен кызматтан кол жуушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0