Менчик мектептерди салыктан бошотуу саясаты: эксперттер эмне дейт?

Жазылуу
Айрымдар менчик мектептерди түп тамыры менен салыктан бошотуу туура эмес десе, калгандар демилге заман талабы деген ойдо. Аталган сунуш боюнча депутаттар, эксперттер жана менчик мектеп кызматкерлери эмне дейт.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары жеке менчик мектептерди киреше салыгынан бошотуу демилгесин көтөрүп, тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган демилгенин күңгөй тескейине кызыгып көрдү. 

Аталган мыйзам болбоорунун авторлорунун бири КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов демилге заман талабы деген ойдо. 

"Билим берүү тармагына жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүү заман талабы болуп калды. Анткени көпчүлүк мектептерде орун жетишсиз. Ушул маселени чечүү жана билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында ушул демилгени көтөрүп жатабыз. Ага ылайык жеке менчик мектептер тапкан кирешесинен салык төлөбөй калат. Ал эми мугалимдер социалдык фондго кадимкидей эле маянасынан төлөй берет", — деди Примов. 

Эл өкүлү салыкты алуу менен жеке менчик мектептердин бугалтериясы ачыкка чыгат деген пикирде. 

"Жеке менчик мектептер контракттык негизде окутат. Эгерде кирешеге болгон салыгын алып салсак, анда контракттын баасы да арзандап, элге жакшы болот. Буга чейин бала бакчалардын салыктан бошотулушу жакшы жыйынтык алып келди", — деди депутат. 

Примовдун айтымында бул кадам ар кыл багыттагы мектептердин ачылышына жол берет деген туура эмес. Анткени күч түзүмдөрү баарын көзөмөлдөп турат.

"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев салыктан бошотуу жеке менчик мектептердин арасында атаандаштыкты жаратат деген ойдо. 

"Бүгүнкү күндө жеке мектептер жаңыдан өнүгүп келе жатат. Тилекке каршы аларга салык кызматынан басым көрсөтүлүүдө. Биз аларга атаандаштык түзүп берүү үчүн салыкты алып салууну демилгелеп жатабыз", — деди Казакбаев.

"Себат" билим берүү мекемесинин башкы директору Нурлан Кудайбердиев өнүккөн өлкөлөрдө менчик мектептер салыктан бошотулгандыгын билдирди. 

Президент Алмазбек Атамбаев принял министра образования и науки Гульмиру Кудайбердиеву - Sputnik Кыргызстан
Жаңы Билим берүү министри президентке пландарын айтып берди
"Чет элдик тажрыйбаларды карай турган болсок, өнүккөн өлкөлөрдө жеке менчик мектептерди өнүктүрүүгө басым жасалып жатат. Биз дагы ал тажрыйбаларды колдонсок жакшы болот. Кыргызстанда бир миллиондон ашык окуучу билим алат. Мектептер да жетишпейт. Бизнесмендер билимге инвестиция кылса Кыргызстандын эле жеңиши", — деди Кудайбердиев. 

Президенттин астындагы Билим берүү жана илимди өнүктүрүү коомдук кеңешинин мүчөсү Маматкалил Разаев билим тармагында тажрыйба жасоого болбой тургандыгын айтып, демилге пайдалуу деген эсеп болсо гана колдоо керектигин кошумчалады. 

"Мамлекеттин өз функциялары бар. Алардын бири элге билим берүү болуп саналат. Функциясын аткарбай жатат дегенден мурун шарт түзүп берүү керек. Эгерде салыктан бошотуу менен көптөгөн жаңы мектептер салынып, пайда табабыз деген эсеп болсо колдош керек. Жок, сынап көрөлүчү деген жарабайт. Тилекке каршы акыркы күндөрү эксперимент жасоо көбөйүп кетти", — деди Разаев. 

Анткен менен "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов толугу менен салыктан бошотуу туура эмес деген пикирде.

Балыкчы шаарына караштуу Таш-Сарай айылындагы 60 окуучу мектепке баруу үчүн бир бусикке тыгылууга аргасыз. - Sputnik Кыргызстан
Таш-Сарай айылы: бир бусикке тыгылган 60 окуучу, жарыгы жок контейнер мектеп
"Маселени ар тараптуу караш керек. Жеке менчик мектептерде ар бир ата-эне жылына көп акча төлөйт. Анан салыктан бошотуп салуу туура эмес. Бирок мектептер салынбагандыгын эске алып, жеңилдик берүү керек. Толугу менен киреше салыгынан бошотуу болбойт", — деди Икрамов. 

Аталган маселе боюнча Мамлекеттик салык кызматына кайрылганыбызда алар аткаруу бийлиги экендигин айтып, Жогорку Кеңеш кандай мыйзам чыгарса ошону аткарууга милдеттүү экендигин билдирди. 

Ал эми Билим берүү министрлиги демилгени колдоого алат. 

"Менчик мектептерди салыктан бошотуу алардын көбөйүүсүнө алып келет. Анын арты менен атаандаштык күчөп, билимдин сапаты жакшырат. Мындан сырткары менчик мектептерге жаңы жумуш орундары ачылып, маянасынан социалдык фондго салык түшөт", — деп маалымдашты министрликтен. 

Белгилей кетсек, 2015-жылы мамлекеттик эмес 49 жалпыга билим берүү уюмдарына тийиштүү лицензиялар берилген. Ал эми үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында болгону жети жеке мектеп лицензия алган. Анын ичинде төрт мектеп Бишкек шаарынын аймагында өз ишин жүзөгө ашырууда. 

Кошуна өлкөлөрдү карай турган болсок Казакстан, Россия, Белоруссия жеке менчик мектептерди салыктан бошоткон. Ал эми Армения менен Кыргызстанда жеке менчик мектептер тапкан пайдасынан салык төлөшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0