Референдумдар: мүйүздүү болом деп кулагынан ажырагандардан тарта гейлерге чейин

© AFP / ADRIAN DENNISУлуу Британиянын желегин көтөргөн адам. Архив
Улуу Британиянын желегин көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртең Кыргызстанда эл түп көтөрө жалпы элдик добуш берүүгө келет деп күтүлүп жатат. Эстеп көрсөк, бизде алты жыл мурда референдум болуптур. Sputnik Кыргызстан мунун шарапаты менен биздин өлкөдөгү жана акыркы жылдагы дүйнөдөгү референдумдарды тизмектеп көрдү.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Эртең, Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өтөт.

Эске сала кетсек, КСДП, "Кыргызстан", РАЖ жана "Өнүгүү — Прогресс" фракциялары тарабынан сунушталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылып, элдин элегине коюлууда. Жалпы жонунан 29 беренени өзгөртүү сунушталган.

Шайлоо учурунда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп, тартип бузуулардын алдын алат. Мындан сырткары бир канча эл аралык уюмдар шайлоо процессине көз салат. Ал эми "Бир Дүйнө Кыргызстан" укук коргоо уюму жарандарга юридикалык жардам көрсөтүп турат

Кыргыз эли референдум дегенге көнүп деле калды. Анткени бул ирет сегизинчи жолу элдик добуш берүү өтөт. Аскар Акаев өз кезегинде 5 ирет референдум өткөрүүгө үлгүргөн. 

Акаев алгачкы ирет элдик добуш берүүнү 1994-жылдын 30-январында өткөрүп, анда президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү маселеси коюлган. Демилгени шайлоочулардын 97 пайызы колдоп берген. 

Кийинки референдум ошол жылы 22-октябрда өтүп, анда эки палаталуу парламент түзүү менен президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү демилгеси шайлоочулардын 90 пайыз колдоосуна ээ болгон. 

Конституцияга өзгөртүү киргизүү: сиз биле турчу маанилүү учурлар - Sputnik Кыргызстан
Баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси: эмнелер өзгөрүп жаткандыгын инфографикадан көрүңүздөр
Ал кездеги президент Акаев ошону менен токтоп калбай, 1996-жылдын 10-февралында парламент менен президенттин ыйгарым укуктарын тактап, аныктап бөлгөн. Албетте, өз көмөчүнө күл тарткан. (Ошондон кийин Акаевдин акимдерди, элчилерди, министрлерди шайлоого жол ачылган) 

Ушуну менен токтоп калбай, Аскар Акаев 1998-жылы 17-октябрда кайрадан элдик добуш берүү өткөргөн. Бул ирет жерди жеке менчикке уруксат берүү, парламенттеги депутаттардын мандатын көбөйтүү маселеси шайлоочулардын 95,4 пайызынын колдоосун тапкан. 

Акаев акыркы ирет 2003-жылы 2-февралда референдум өткөрүп, президенттин мөөнөтүн узартуу боюнча суроону кабыргасынан койгон. Ал учурда демилгени шайлоочулардын 86 пайызы колдогон. 

2005-жылдагы төңкөрүштөн кийин бийликке Курманбек Бакиев келип, арадан эки жыл өткөн кийин кайрадан референдум өткөрүлгөн. Бул ирет бир мандаттуу парламент таратылып, партиялык система ишке кирген. Анан албетте, Бакиевдин "колу узарган". 

Акыркы ирет элдик добуш берүү 2010-жылы болуп, анда Конституцияны өзгөртүүгө шайлоочулардын 90,55 пайызы добуш берген. Бул ирет президенттин ыйгарым укуктары кыркылып, парламенттин укуктары кеңейтилген. Мындан сырткары өткөөл мезгилдин президенти түшүнүгү киргизилип, Роза Отунбаева президент болуп шайланган. 

Дүйнөдөгү референдумдар

Элдин талкуусуна сала коюп эле чечип алуу көрүнүшү жалгыз гана Кыргызстанда эмес. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги акыркы жылдардагы дүйнөдөгү кызыктуу референдумдарды тизмектеп чыгып, алардын көздөгөн максатын жана майнабын баамдап көрдү.

Кыргызстан парламенттин изи менен

Аскердик парад. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баш мыйзамды өзгөртүүдө чыккан чырлар: Атамбаев, Текебаев, Исаев, Акаевдердин айтышы
2015-жылдын 6-декабрында Арменияда Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилсин деген референдумга добуш бергендер 60 пайыздан ашкан. Эми Армениянын премьер-министри жана парламентинин ыйгарым укуктары президентке салыштырмалуу жогору турат. Өлкө башчысы салтанаттуу иш-чараларга катышып, караанын көрсөтүп коюу укугунда калган. Ал эми аткаруу бийлигинде негизги орган катары парламент тарабынан түзүлгөн өкмөт калат.

Гей жана лесбиянкалардын никесине уруксат берилген эмес.

Былтыркы жылдын 20-декабрында Словенияда бир жыныстуу никеге уруксат берүү жана алардын балдарды багып алуу мыйзамына 63,12 пайыз көпчүлүк каршы добушун берген. 

Туунун чуусу токтобой…

Жаңы Зеландияда улуттук туунун дизайнын өзгөртүү боюнча талаш-тартыш көп жылдардан бери созулуп келе жатат. Сынчылар азыркы желекти Британиянын империясына кирген көп мамлекеттин желектерине окшош деп сындашкан.

Жаңы Зеландиянын өкмөтү өлкөнүн туусунун дизайнына байланыштуу референдум өткөрүүнү сунуштаган. 2015-жылдын 20-ноябрында альтернативдүү туунун дизайнына биринчи референдум өткөрүлөт.

Ал эми 2016-жылдын 3—24- мартында өткөн экинчи референдумда 56 пайыздан ашыгы азыркы желекке, калган 43 пайызы альтернативдүү вариантка добуш берген.

Украина кай жеринен жазды болду экен? 

Украина менен Евробиримдик соода, экономикалык жана саясий карым-катышын бекемдөө максатында кызматташуу келишимине 2014-жылдын июнь айында кол койгон. 

Келишимди Евробиримдикке кирген 28 мамлекеттин парламенти ратификациялаган.

Депутат VI созыва ЖК Жанарбек Акаев - Sputnik Кыргызстан
Жанар Акаев: референдумга каршыларды желмогуз, колдогондорду баатыр кылган туура эмес
Бирок Нидерланддар өлкөсүндө 2016-жылдын 6-апрелинде Украина менен толук түрдө кызматташуу маселеси боюнча референдум өткөрүлүп, калкынын 60 пайызы каршы добуш берет. Ошентип, жыйынтыгы Киев үчүн пайдасыз болуп чыкты. Нидерланддар бийлиги добуш берүүнүн жыйынтыгын эске алып, ратификация процесси токтотулган.

Нидерланддар парламенти келишимди жокко чыгарууга укугу бар.

Түбөлүктүү президент 

2016-жылдын 22-майында Тажикстанда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүлүп ага 94 пайыз тажикстандыктар макул деген добушун берген. Өзгөртүүлөрдүн арасында Эмомали Рахмонов түбөлүктүү президент боюнча калсын деген берене бакыйып жазылып турган.

Кош бол, Европа 

Великобританияда 23-июнда Евробиримдиктен чыгуу боюнча өткөн референдумда (51,89) Шотландия мүчөлүктү сактап калуу керектигин айтып чыккан. Элдик добуш берүүнүн юридикалык күчү болбосо да, премьер-министр Дэвид Кэмерон оставкага кеткен. Ал эми Бириккен Королдук Евробиримдиктен чыгуу боюнча ишти баштаган. 

Вице-президенттер жана чукул бурулуштар

Мурдагы союздун өлкөлөрү референдум өткөргөнгө маш. Алардын соңкулары Абхазия, Грузия, Тажикстан жана Түркмөнстанда болду. Азербайжан элдин добушуна сунушталган тизмеде 30га чукул оңдоолор жазылган. Келген эл ар бир суроо боюнча өзүнчө добуш бергенге мажбур болгон. Киргизилген оңдоолордун бардыгы жактырылып, жыйынтыгында вице-президенттердин кызматы түптөлүп, ал эми президенттик 5 жылдан жети жылга чейин узартылган. И, баса президентке парламентти таратып жиберүү укугу берилген. 

Мүйүздүү болом деп кулагынан айрылганда… 

Италияда Конституциялык реформа жасоо боюнча 4-декабрда референдум өттү. Анда премьер-министрдин, парламенттин төмөнкү палатасынын, алсырап бараткан Жогорку палата – Сенаттын жана жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жогорулатуу каралган. Макул деген добуштар 40 пайыз болсо, 60 пайызы каршы чыккан. Жыйынтыгында, референдум демилгесин көтөргөн премьер-министр Маттео Ренци оставкага кетүүгө аргасыз болгон. 

Аракеттен майнап чыкпады…

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун архивидк сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Рахмонго эгемен Тажикстандын негиздөөчүсү деген статус берилди
Евробиримдиктин чечими менен Венгрияга 1294 мигрант жайгаштырылышы керек эле. Бирок, буга премьер-министр Виктор Орбан баш болгон өкмөт таптакыр каршы чыгып, мигранттардан баш тартуу боюнча референдумду демилгелеп жиберген. Евробиримдиктин чечимине каршы турган референдум 2-октябрда өтүп, добуш бергендердин дээрлик баардыгы — 98 пайызды түзгөн. Анткен менен добуш берүүгө элдин жарымынан азы, 44 гана пайызды (50 пайыздын ордуна) келгендиктен, референдум өткөн жок деп табылды. 

Болгарияда болбой калып…

Болгарияда 6-ноябрда референдумда үч маселе коюлган. Алар мамлекеттин саясий партияларды финансылоосун чектөө, сөзсүз түрдө добуш берүү жана парламенттик шайлоолордо абсолюттук көпчүлүк системасын киргизүү эле. Элдин көбү "ооба" деп добуш бергени менен, референдумга келгендердин саны тиешелүү пайызга жетпей калган. Эл аз келгендиктен добуш берүүгө алып чыккан маселелер Болгариянын Элдик Кеңешинин талкуусуна калтырылган.

Быйыл дүйнөнүн 20дан ашуун өлкөсүндө референдум өттү. Булардан сырткары Таиланд, Замбия, Боливия сыяктуу өлкөлөрдө добуш берүүлөр болду. Ал эми Италия 2016-жылы референдум бир эмес эки ирет жасап жиберди. Бири — Баш мыйзамды реформалоо боюнча, ал эми экинчисинде (7-апрелде) өлкөнүн жээктерине жакын аймактан мунай менен газды өндүрүүгө каршы добуш берүү маселеси каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0