Кыргызстанда быйыл салынган жана арабөк калган жолдор

© Sputnik / Игорь Маслов / Медиабанкка өтүүЖол оңдоо иштери. Архив
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Кыргызстандагы жол куруу жана реконструкциялоо иштерине мамлекеттик бюджеттен 4 миллиард 564 миллион сом кеткен. Sputnik Кыргызстан жыл соңуна чейин өлкө аймагында курулган жолдорду тизмектеп, ага кеткен каражатты эсептеп чыкты.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Өтүп бараткан жылы Кыргызстандагы жол курулушу көңүл чордонунда болду. Бир топ жакшы долбоорлор сунушталып, кайсы бири салына баштаса, айрымы атка минерлердин ээрден шыпырылышын шарттады.

Sputnik Кыргызстан жыл соңуна чейин өлкө аймагында курулган жолдорду тизмектеп, ага кеткен каражатты эсептеп чыкты.

1. Бишкек — "Манас" аэропорту жолунун 23 чакырымы асфальтталды. Ага 944 миллион 399 миң сом бөлүнүп, 190 миллион 900 миң сому 2015-жылы сарпталган. Быйыл 753 миллион 499 миң сомдук курулуш иштери аткарылган. Жол курууну "Технотоп" жергиликтүү ишканасы жүргүзгөн.

2. Жалпы узундугу 104 чакырымды түзгөн Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата — Корумду автожолунун 26 чакырымы курулду. Жолду курууга 1 миллиард 580 миллион сом бөлүнгөн. 2015-жылы 180 миллион сому пайдаланылган. Бул жылы 1 миллиард 400 миллион сомдук иш аткарылды. Куруу иштерин кытайлык "Лонг-Хай" компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ишке ашырды. 

Сары-Челек көлү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат Алмазбек Эргешов Сары-Челектин жолун оңдоо маселесин көтөрдү
3. Жалпы жонунан 433 чакырымга созулган Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун 30 чакырымы 11 ай ичинде курулду. Ага 59 миллион 998,4 миң доллар кеткен. Жолду кытайдын China Road & Bridge Corporation in Kyrgyzstan компаниясы куруп, учурда анын 39 миллион 980,4 миң долларлык иши аткарылды. Каражат кытайлык банк тарабынан бөлүнгөн. Долбоордо аталган жолдун 183-195-чакырымы жана 291-433 чакырымдарына тоннель куруу иши каралган. 

4. Ош — Баткен — Исфана жолунун (360 чакырым) 11 ай ичинде 38 чакырымында оңдоп-түзөө иштери аткарылган. Ага 11 миллион 667,2 миң доллар кеткен. Аны China Road & Bridge Corporation in Kyrgyzstan компаниясы куруп, долбоорду Кытайдын Экспорттук-Импорт банкы Азиялык өнүктүрүү банкы жана башка бир катар банктар насыя түрүндө каржылаган. Учурда 220-232 жана 248-360-чакырымдарында оңдоп-түзөө иштери улантылууда. 

5. 497 чакырымды камтыган Бишкек — Нарын — Торугарт автожолунун 272-чакырымынан 365-чакырымына чейинки бөлүгү реконструкцияланды. Ага 31,7 миллион доллар короп, 49 чакырым жолдун астыңкы катмарына жана 51 чакырымдын үстүңкү катмарына асфальт төшөлдү. Реконструкциялоо ишин Кувейт-Кытай биргелешкен "Копри-Синогидро" компаниясы аткарды. 

6. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 479-539-чакырымдарында реабилитациялоо иши аяктап, 11 ай ичинде 60 чакырым жолдо курулуш иши бүттү. Жол курууга 2 миллион 321,83 миң доллар кеткен. Аны Азиялык өнүктүрүү банкы каржылап, курулуш иштерин China Road & Bridge Corporation in Kyrgyzstan компаниясы жасаган. 

Оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги жаңы конуштардын 49 көчөсүн оңдоо боюнча келишим түзүлдү
7. Жалпы узундугу 199 чакырымга жеткен Тараз — Талас — Суусамыр автожолунун III-фазасындагы 75-чакырымынан 105-чакырымына чейинки бөлүгүн реконструкциялоо иши аткарылган. Анда 16,9 чакырым жолдун биринчи катмарына асфальтбетон төшөлгөн. Ага жалпы 4,5 миллион доллар кеткен. Реконструкциялоо ишин түркиялык "Чакыр Япы Санайи ве Тижарет" компаниясы ишке ашырган. Долбоорду Ислам өнүктүрүү банкы менен Сауд өнүктүрүү фонду 20 миллион доллар өлчөмүндө насыя түрүндө каржыласа, республикалык бюджеттен 2,08 миллион доллар бөлүнгөн. 

Жогоруда аталган жолдордон башка 7 миллион 83,3 миң долларга бааланып курулуш алдында турган долбоорлор бар. 

Быйыл Кыргызстандагы жол куруу жана реконструкциялоо иштерине мамлекеттик бюджеттен 4 миллиард 564 миллион сом кеткен. Анда "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча 30,8 чакырым жолго асфальт төшөлсө, учурдагы бюджеттин эсебинен каралган объектилер боюнча 142,5 чакырым жолду асфальттоо жумуштары жасалды. 

Андан сырткары, 20 чакырым жолго кара шагыл төшөө, 185 чакырымда оңдоо иштери жана 97,2 чакырым жолго шагыл төшөө иштери жүргүзүлгөн.

Балыкчы шаарында Абдрахманов көчөсүндө капиталдык ремонт жасалып, 6,64 чакырым жолго асфальт төшөлгөн.

Ошондой эле Баткен облусунун аймагындагы чек араны айланып өтүп "РРС-24" станциясына баруучу 45,2 чакырымга шагыл төгүлүп, жаңы жол куруу иштери аткарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0