Саатына батир берүүгө тыюу салуу — ыпластыкка бөгөтпү же туризмге соккубу

© AFP / BORIS HORVATГостиница бөлмөсү. Архив
Гостиница бөлмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүндөн баштап Кыргызстанда көп батирлүү үйлөрдө саатына же суткасына батир берүүгө тыюу салган мыйзам иштей баштады. Бирок эл арасында мыйзамга карата нааразычылыктар пайда болуп, юристтер мыйзамды айланып өтүүнүн жолдору көп экенин айтышууда.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Өткөн жылдын аягында президент Алмазбек Атамбаев КРдин Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, 10-январдан тарта суткасына жана саатына батир берген жеке тараптарга — 7 миң, кызмат адамдарына — 9 миң, юридикалык тараптарга — 70 миң сомдон айып салынат. 

Бул мыйзам эмитен эле бишкектик жана караколдук ишкерлердин нааразычылыгын жаратты. Атургай мурдагы күнү Каракол шаарынын бир нече тургуну митингге чыккан. 

"Бул мыйзамга каршыбыз. Баарыбыз жумушсуз калабыз, анткени Караколдо завод, фабрика деген жок. Базарда жумуш ордун таппайсың. Биз ири насыяларды алып, батир сатып алып, ремонт кылганбыз. Банк менен маселебизди чечип берсин анда" — деп айтты митингге чыккан ишкерлердин бири Валентина Алексеева.

Sputnik Кыргызстан агенттиги мыйзам эмне себептен кабыл алынганын эстеп, мындан ары кандай иштей турганын, экономикага таасирин жана айрымдар кооптонуп жаткандай туризмге сокку болор-болбосун иликтеп чыкты.

Ыплас иштер менен терроризмге сокку 

Негиздемеде тыюу салуунун бир нече себептери көрсөтүлгөн: 

Биринчиден, аталгандай батирлерде киши өлтүрүү жана зордуктоо сыяктуу кылмыштар көп катталууда. 

Экинчиден, саатына берилүүчү мейманканалардын турак жайлар менен кошуна болушу жаш муунга абдан тескери таасирин тийгизүүдө. Тартиптүү адамдар өз үйлөрүндө тынч уйкудан жана эс алуудан ажырап, мейманканаларга келген адамдардын жосунсуз жоруктарын күн сайын угууга жана көрүүгө мажбур болушууда.

Үчүнчүдөн, мамлекеттик коопсуздукка коркунуч келтирет, сот адилеттигинен качып жүргөн криминал өкүлдөрү, өздөрүнүн кылмыштуу актыларын пландаган террордук топтор жеӊил-желпи жайгаша алат. Бишкек шаарынын 8-кичирайонундагы көп батирлүү үйдүн биринчи кабатында жайгашкан жеке менчик мейманканада террордук топ тарабынан милициянын үч офицеринин өлтүрүлүшү буга айкын мисал болуп саналат. Офицерлерди 2011-жылы 4-январда кечинде "Калашников" автоматынан атышкан. 

Иши токтогон ишкерлер

Мыйзам долбооруна нааразы болгон караколдуктарды облус жетекчисинин орун басары Дамир Моңолдоров кабыл алып, алардын арыз-муңун уккан. Ишкерлер мыйзам долбооруна Ысык-Көл облусунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылышты. Бийлик өкүлү элдин сунушун Жогорку Кеңештин аппаратына жеткирерин билдирди.

Ал эми бишкектик ишкерлер дагы кечээтен баштап ишин токтотуп, өз таламын талашуу максатында шаар жетекчилигине жана Конституциялык палатага арыз менен кайрылууну көздөп жатышат. 

"Биз аягына чейин күрөшөбүз, унчукпай тура бербейбиз. Мэрияга, Коституциялык палатага кат даярдап жатабыз. Азыр биздин катарыбызга Ысык-Көл, Ош, Таластагы кесиптештерибиз кошулуп жатат", — деди ижарага батир берип ишкерлик кылган Сейил Анаркулова. 

Ошондой эле ал бул мыйзам коррупциянын гүлдөшүнө гана түрткү болот деген ойдо экенин айтты. 

Ымыркай көтөргөн эне. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ымыркайларга 50 миң сом жөлөк пул берүү демилгеси: реалдуубу же кыялдануубу
"Суткасына берилген батирлерге элде суроо-талап бар. Ошондуктан булар баары бир иштей берет. Болгону милиция батир ээлеринен олчойгон акчаларды алып, өз чөнтөгүнө салышат. Кошумчалай кетчү нерсе — биздин батирлерибизди сойкуканага теңеп салышканы ардантып жатат. Суткасына үй бергендин баары эле сойку иштекендер эмес да. Мисалы, менин батиримди региондордон командировкага, дарыланганы келгендер көп колдонушат", — деди Анаркулова. 

Анаркулова сөзүнүн аягында мындай жол менен мейманкана бизнестери бар аткаминерлер өз очогону күл тартып жатат деген пикирин айтты. 

Жаңы мыйзам мейманкана бизнестерин колдойбу

Чоң бизнестин артында турган чиновниктерди колдоо үчүн жазылган мыйзам дегенге Мейманкана бизнеси боюнча ассоциация кеңешинин мүчөсү Белек Сарымсаков караманча каршы. 

"Мейманкана кызматын суткасына же саатына жергиликтүү эл гана пайдаланат. А биз чет элдиктер менен иштейбиз. Демек, биздин кардарларыбыз, тапшырмаларыбыз эки башка. Андыктан ири мейманканаларды колдоо максатында чыккан мыйзам деген туура эмес", — деди Сарымсаков.

Мыйзам чыгаары менен батирлердин кызматын туристтер дагы колдоноору айтылып, туризм жаатына зыяны тиет деген пикирлер пайда болду. Бул жагдай боюнча чет өлкөлүк туристтер менен тыгыз иштешип, гид кызматын аткарып жүргөн Гүлбара Оморова менен байланыштык. 

© Фото / Тимур Раимкулов Гүлбара Оморова: мени менен иштешкен туристтер көбүнчө жергиликтүү салт-санаа менен таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн атайын хостелдерге токтошот. Эгер жаңы мыйзам ошол хостелдерге тиешеси жок болсо, туризм жаатына эч кандай зыян келтирбейт деп ойлойм
Работник в сфере туризма, гид Гулбара Оморова - Sputnik Кыргызстан
Гүлбара Оморова: мени менен иштешкен туристтер көбүнчө жергиликтүү салт-санаа менен таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн атайын хостелдерге токтошот. Эгер жаңы мыйзам ошол хостелдерге тиешеси жок болсо, туризм жаатына эч кандай зыян келтирбейт деп ойлойм

"Мени менен иштешкен туристтер көбүнчө жергиликтүү салт-санаа менен таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн атайын хостелдерге токтошот. Ал эми жаңы мыйзамда каралган көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди дээрлик колдонушпайт. Эгер жаңы мыйзам ошол хостелдерге тиешеси жок болсо, туризм жаатына эч кандай зыян келтирбейт деп ойлойм. Бирок Кыргызстанда региондорго жараша өзгөчөлүктөр бар эмеспи. Мисалы, Ысык-Көлдө берилчү батирлер жалаң турак үйлөрдө, демек аларга тоскоолдуктар жаралышы мүмкүн", — деди Оморова. 

Бул мыйзам чындап эле караколдук ишкерлерге терс таасирин тийгизип жатканын Караколдогу туристтик операторлор ассоциациясынын төрагасы Тимур Акбашев дагы тастыктады. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКараколдогу туристтик операторлор ассоциациясынын төрагасы Тимур Акбашев: аталган мыйзам кабыл алынардан мурда өлкөнүн региондорундагы өзгөчөлүктөргө көңүл бурулушу зарыл эле.Мисалы, Каракол шаарында суткасына батир берүү негизинен туристтерге багытталган
Интервью с менеджером по туризму Тимуром Акбашевым - Sputnik Кыргызстан
Караколдогу туристтик операторлор ассоциациясынын төрагасы Тимур Акбашев: аталган мыйзам кабыл алынардан мурда өлкөнүн региондорундагы өзгөчөлүктөргө көңүл бурулушу зарыл эле.Мисалы, Каракол шаарында суткасына батир берүү негизинен туристтерге багытталган

"Аталган мыйзам кабыл алынардан мурда өлкөнүн региондорундагы өзгөчөлүктөргө көңүл бурулушу зарыл эле. Мисалы, мыйзамды кабыл алуунун негизги себеби катары Бишкекте саатына же суткасына берилген батирлерде ыплас иштер болуп, коомго, өсүп келе жаткан муунга терс таасирин тийгизип жатканы айтылды. Ал эми региондордо, мисалы, Каракол шаарында суткасына батир берүү негизинен туристтерге багытталган. Туризм — караколдуктардын негизги кирешелеринин бири", — деди Акбашев. 

Ысык-Көлдүн өзгөчөлүктөрүнүн бири — жайкы туризм. Ал эми Кыргызстанда жайкы туризмдин ордосу болгон Чолпон-Ата шаарында көп кабаттуу үйлөрдө туристтерге батир бергендер көп. 

"Чолпон-Атада көп кабаттуу үйдө батирибиз бар. Жайында аны туристтерге беребиз. Үй-бүлөбүздүн болгон кирешеси ошол, Чолпон-Атада жайкысын эле иштеп албасаң, башка убактарда жумуш таппайсың. Эми аларды иштетпей салса, кантип жан сактарыбызды такыр түшүнбөй турам", — деди батир ээси Бурул Малабаева. 

Тилеги орундалган бишкектиктер 

Бишкек тургуну Бурмакан Ажыматованы суткасына берилген батирлерге тыюу салынганы абдан кубандырды. 

© Фото / Бурмакан АжыматоваБурмакан Ажыматова: бизден бир кабат жогору суткасына берилген батир бар эле. Ага келгендер тынчтык беришчү эмес. Эми кулак-мээбиз тынчып калат деп ишенем
Бишкекчанка Бурмакан Ажыматова - Sputnik Кыргызстан
Бурмакан Ажыматова: бизден бир кабат жогору суткасына берилген батир бар эле. Ага келгендер тынчтык беришчү эмес. Эми кулак-мээбиз тынчып калат деп ишенем

"Бизден бир кабат жогору суткасына берилген батир бар эле. Ага келгендер тынчтык беришчү эмес. Өзгөчө дем алыш күндөрү кыйкырыктар, уруш-талаш, ар кандай үндөр даана угулуп турчу. Ар дайым ызырынган мас адамдар болгондуктан, аларга сөз айта алчу эмеспиз. Эми кулак-мээбиз тынчып калат деп ишенем", — деди Ажыматова.

Туристтер кандай ойдо 

Израилдик Алекс Суфтун айтымында, анын Кыргызстанга келип жүргөнүнө 10 жыл болду. Кыргызстанга келгенде ири мейманканалар гана эмес, жеке батирлердин дагы кызматын колдонорун билдирди.

© Фото / Алекс СуфИзраилдик Алекс Суф: Кыргызстанга барган туристтер өз алдынча болууну каалап, жеке батирлерди көп кодонушат. Биринчиден, тынчыраак. Экинчиден, акчасы арзан
Турист из Израиля Алекс Суф в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Израилдик Алекс Суф: Кыргызстанга барган туристтер өз алдынча болууну каалап, жеке батирлерди көп кодонушат. Биринчиден, тынчыраак. Экинчиден, акчасы арзан

Пляжный сезон на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Forbes: Кыргызстан 2017-жылы туристтердин капчыгына эң ыңгайлуу өлкө болот
"Кыргызстанда суткасына берилген батирлерге байланыштуу мыйзам тууралуу уктум. Менимче, бул мыйзам Кыргызстанга эч пайда алып келбейт. Кыргызстанга барган туристтер өз алдынча болууну каалап, жеке батирлерди көп кодонушат. Биринчиден, тынчыраак. Экинчиден, акчасы арзан. Ал эми чоң мейманканалардын акысы кымбат болгону менен баары эле ойдогудай кызмат көрсөтө бербейт. Кыргызстандын жетекчилерине акыл үйрөтүүдөн алысмын, бирок ушул сыяктуу мыйзамдарды чыгарардан мурда, башка өлкөлөрдүн дагы тажрыйбасын карашса болмок. Мисалы, батыштан барган туристтер эркиндикти жакшы көрөт. Ар кандай чектөөлөр аларды качырышы мүмкүн", — деди Суф. 

Мыйзамдын "жыртыктары"

Жаңы кабыл алынган мыйзамдын толук кандуу иштеп кетерине ишенгендер аз. Анткени, мыйзамда "көп батирлүү үйлөрдө саатына же суткасына батир бергендерге айып салынат" деп жазылгандыктан, юристтин айтымында, аны айланып өтүп, мурдагыдай эле ишмердүүлүктү улантууга мүмкүнчүлүктөр көп.

© Фото / Илья КаримжановФатима Якупбаева: мыйзамда көп батирлүү үйлөрдө саатына же суткасына батир бергенге тыюу салынат" деп так жазылды. Демек, ошол эле үйлөрдө батирлерди бир жумага же айга берсе, же суткасына жеке үйлөрдөн батир берсе бул мыйзам бузуу болуп эсептелбейт
Директор юридической компании ПРЕЦЕДЕНТ Фатима Якупбаева - Sputnik Кыргызстан
Фатима Якупбаева: мыйзамда көп батирлүү үйлөрдө саатына же суткасына батир бергенге тыюу салынат" деп так жазылды. Демек, ошол эле үйлөрдө батирлерди бир жумага же айга берсе, же суткасына жеке үйлөрдөн батир берсе бул мыйзам бузуу болуп эсептелбейт

"Мыйзамда көп батирлүү үйлөрдө саатына же суткасына батир бергенге тыюу салынат" деп так жазылды. Демек, ошол эле үйлөрдө батирлерди бир жумага же айга берсе, же суткасына жеке үйлөрдөн батир берсе бул мыйзам бузуу болуп эсептелбейт", — деди "ПРЕЦЕДЕНТ" юридикалык компаниясынын башкы директору Фатима Якупбаева.

Милиция эмне дейт? 

ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев "милиция мыйзамсыз иштегендерди калкалайт" деп негативдүү ойлонгон адамдар айтат деп эсептейт. 

"Суткасына берилген батирлерге каршы күрөшүү иштери аткарылат. Бул кылмыштуулук менен күрөшүүгө дагы чоң жардам болот. Бирок мыйзамсыз берилген батирлер менен бир гана милиция эмес, Салык кызматы, Финансы полициясы дагы күрөшүшү зарыл", — деди Осмонбаев.

Мыйзам "ээси"

Редакция мыйзам долбоорунун демилечиси, ЖК депутаты Кожобек Рысбаевдин пикирин билүү максатында байланышканда, ал ооруп жатканын, сакайгандан кийин жооп берерин айтты.

Кыргызстандын кайсыл жерине барып, кантип эс алыш керектигин Sputnik агенттигинин материалынан окуп, көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0