Кытайда автобус өрттөгөн адам өлүм жазасына тартылды

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүАкция протестов Occupy Central в Гонконге
Акция протестов Occupy Central в Гонконге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрттүн кесепетинен бир топ жабыркаган.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Кытайдын Гуанси-Чжуан автономдуу районунун Наньнин шаарынын соту автобуска өрт койгон эркек адамды өлүм жазасына тартты. Бул тууралуу Синьхуа агенттигине таянып РИА Новости маалымдады.

Өрттүн кесепетинен бир топ адам ар түрдүү жаракат алган.

"Окуя 2014-жылдын 21-ноябрында Лючжоу шаарында катталган. Күнөөлөнүп жаткан Сун Яньли автобус өрттөп ошол жерден из жашырып качып кеткен. Өрттүн кесепетинен автобустун эки жүргүнчүсү оор жарадар болуп, алтоо жеңил жарааттарды алышкан. Качып кеткен адам ошол эле жылдын 24-ноябрында Учжоу шаарынан кармалган", — деп жазылат маалыматта. 

Жума күнү сот анын жасаган иши коомчулуктун коопсуздугуна коркунуч туудуруп, элдин тынчтыгын бузуп, башка адамдардын өмүрүнө коркунуч алып келди деп чечти. 

Маалыматтар боюнча өлүм жазасына тартылган адам күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0