Назарбаев учак кырсыгынан каза тапкандарга байланыштуу кыргыз элине көңүл айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаседание Совета глав государств – участников СНГ
Заседание Совета глав государств – участников СНГ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктын кесепетинен 34 адамдын каза болгондугу туурасында ӨКМ жетекчиси Кубатбек Боронов кабарлаган.

БИШКЕК, 16-янв. – Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Бишкектин жанындагы учактын кыйроосунан болгон адамдардын өлүмүнө байланыштуу кыргыз элине көңүл айтты. Бул туурасында Акорданын маалымат кызматына шилтеме берип Sputnik Казактан агенттиги жазды.

"Мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев жана жалпы казак эли Бишкектин жанында учак кырсыгынан каза тапкандарга байланыштуу кыргыз элине көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Авиакатастрофа самолета Боинг-737-200 в районе аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда кандай авиакырсыктар катталган — 12 окуя
Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Гонконг — Стамбул каттамы менен келе жаткан Boeing – 747 жүк ташуучу учагы "Манас" аба майданына жакын Дача-Суу айылына кулап түшкөн. Учак Бишкекке май куюу үчүн конмок.

Анын кесепетинен 34 адамдын каза болгондугу туурасында ӨКМ жетекчиси Кубатбек Боронов кабарлаган. Анын ичинен 12си балдар экендигин өкмөттүн Чүй облусу боюнча өкүлчүлүгүнөн кабарлашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0