Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Айылдагы көзгө басар жалгыз компьютер…

Жазылуу
Бактылуу болууга көп нерсенин деле кереги жок. Уйкуну кандыра уктап алсак жетиштүү эмеспи. Андыктан уйку канып, жакшы эс алдыңыздар деген тилек менен өткөн күндү барактайбыз.

Окуучу кезде мектеп боюнча жалгыз компьютер бар эле. Ал 600 баланын кайсы бирине жетсин. Албетте "чаң жугузбай" катып коюшчу. Анан иш-чараларда "биздин мектепте компьютер бар" деп мактанышчу. Ал учурду азыркы жаштарга айтсаң жомок. Албетте минтип мектептерге интернет алып барабыз деп жатса анан! 

Биздин учурда сотка жаңы чыгып, "мейл агентте" регистрация кылганды билген адам кыйын эле. Сүрөт жүктөп, пароль алмаштыра алсаң — генийсиң! Кудайдын кулагы сүйүнсүн, азыркы жаштар кыйын! Нарындын окуучулары Эстонияда өткөн "Роботекс-2016" аталышындагы роботтор сынагында 26 өлкөнүн ичинен 5-орунду камсыз кылып кайтышты

Көпчүлүктүн эсинде болсо, уюлдук телефондор доору башталганда базарды кытай телефондору каптап кеткен. Ооу, анда көктөм эле, көктөм эле, кытай телефондуу болгондор көпкөн эле. Смс деген түшүнүктөр кирип, кагазга кат жазуу деген бүткөн эле. Анан эле атактуу iPhone чыгып, ага жеткендер булут менен басып алган заман келди. Ач калса да iPhone алгандар чыкты. Эми минтип көп өтпөй ошол iPhone телефондорунун эң биринчи чыккандары "тарыхый экспонатка айланып" бир батирдин акчасына бааланып отурат. Компаниянын пиарщиктерине алкыш! 

Техника өнүккөнү менен адамдар ошол бойдон эле. Эмнеси болсо да эл аман болсун. Тойдун учуру эмеспи, андагы хит ырлардын тизмеги бул жакта

Бүгүн Нарын облусунан башка аймактарда күн жылуу болорун Кыргызгидромет билдирди. 

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.11 (сатып алуу) жана 69.26 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.80 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 35.80 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Артка бир кадам, алдыга эки кадам. 

Жакшылыктан жолугуп жүрө берели. Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0