Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Атамбаев кетти, жер силкинди

Жазылуу
Жаңы апта, жаңы күн жакшылыктарга жык толсун. Жекшембиде болгон жаңылыктарды барактайбыз.

Реалдын жалдызы жанганда. Испаниянын "Реал Мадриди" дүйнөнүн клубдук чемпиону Кубогун жеңип алды. Учурдан пайдаланып бардык күйөрмандарды жеңиши менен куттуктайбыз. Өтүп бара жаткан жыл чын эле Реалдын жылы болду.

Ал эми биздин жаш хоккейчилер казактар менен ойноо үчүн сапар алышты. Буюрса кыргыз спортчулары да дүйнөнү багынткан күн алыс эмес. Ийгилик каалайбыз

Ыйлаткан жашоо. Индонезиялык аба аскер кызматынын учагы кыйрап, кырсыктан 13 адам каза болсо, Йемендеги Аден шаарында жасалган терактыдан 43 аскер мерт кетип, ошончо сандагы аскер жаракат алды

Атамбаев Индияга аттанды. Президентти ал жакта жоон топ атка минерлер тосуп алып, ажобуз буюрса бизнес форумга катышат.

Бишкек шаарында уникалдуу төрт арт-отургуч Малдыбаев атындагы кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын жанына орнотулду. Эми санаалаңышыңыз менен барып, жанаша эмес, бетме-бет отуруп сүйлөшсөңүз болот

Эгерде Фрунзе шаарындагы дүкөндөрдү, жарнамаларды көргүңүз келсе бул жактан күтөбүз.

Мындан сырткары булбул үндүү Анара Шаимкулованын интервьюсун окуганды унутпаңыздар

Бүгүн мезгил-мезгили менен кар жаап, жолдор тайгак болот. Айдоочулар абайлаңыздар.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.24 (сатып алуу) жана 69.36 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.80 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 35.80 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Башкысы каалоо менен аракет болсо жыйынтык сөзсүз чыгат. 

Ден соолугуңузду тилеп Исмаил Мамытов

Жаңылыктар түрмөгү
0