Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15. Салянованын иши, Трамптын чайын иччү депутаттар

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөнү тазалап жаткан Тазалык ишканасынын кызматкери. Архив
Көчөнү тазалап жаткан Тазалык ишканасынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңырган аптанын экинчи күнү бардыгыбызга ийгилик жана майрамдык маанай тартууласын.

Саляновага кылмыш иш козголду. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген кине менен кылмыш иши козголду. Депутат айым айым юстиция министри болуп турганда Елисеевдин адвокаттык лицензиясын калыбына келтирген деп айыпталууда.

Трамптын сый тамагына чакырылган кыргыз депутаттар. Эл өкүлдөрү Гүлкан Молдобекова менен Сайдулла Нышанов алаканын ушалап, АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын сый тамагына барабыз деп турган чагы. Жаңырган жаңы жылда океандын ары жагына барып анча-мынча болсо да "эс алып" келишсин.

Бекер троллейбуска түшүп жыргап жатабыз. 26, 28, 29, 30-декабрда Бишкек боюнча троллейбустар элди зуулдатып бекер ташыйт. Жаңы жыл алдында базарга барып, жол киреге акча жетпей калгыдай соода кылгандар үчүн сонун болду да, эй. Бекер троллейбустар кайсы багыт боюнча каттай турганын бул жактан окуңуздар

Көңүл айтабыз… Россиянын Коргоо министрлигине таандык Ту-154 учагынан кыйрашына байланыштуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Оштогу консулдугунун алдына гүл алып келип, каза болгондор эскерилүүдө. Жаткан жери жаннат болсун.

Дүйнөдө эмнелер болду? Өткө жумада дүйнөдө жана Кыргызстанда болгон олуттуу окуяларды баш көтөрбөй бул жактан эле карасаңыз болот. Шиш така кийип, ары-бери баскан кыздардан тарта суу алдындагы Аяз ата менен Аяз кыз сизди кайдыгер калтырбайт. Беш мүнөт убактыңарды бөлүп, арманда калбай карап калгыла.

© AFP / Jose Luis TOLENTINOПоследствия взрыва на рынке пиротехники в Мексике
Последствия взрыва на рынке пиротехники в Мексике - Sputnik Кыргызстан
Последствия взрыва на рынке пиротехники в Мексике

Мачо-Азамат. Сакадай бою сары алтын, тамашоунун көркү болгон кичинекей Азамат деген бала бар. Ой аны кичинекей деп жүрсөк, 10-класста экен да. Бул тамашоучуну жакшы билебиз го десек, биле элегибиз көп экен.

Ааламга жол айылдан башталат. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бул айткан сөзүн элеттиктер тастыктап жатат. Жыл ичинде айылдыктардын кылган жакшылыгы эл оозуна алынып, кийинки муунга үлгү болчудай. Өз аракетибиз, жардамыбыз менен катардагы кишилерди кубантып, толкундантып жүрө берели.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.36 (сатып алуу) жана 69.48 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 37.50 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.50 сом, ал эми дизель майы 35.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Жаңы жыл алдында маанайды көтөргөн окуялар жана кадамдар көп болсун деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0