Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Ура! Биз рекорд койдук!

© Sputnik / Табылды КадырбековПоследствия обильного дождя в декабре в Бишкеке
Последствия обильного дождя в декабре в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Максаты жок киши — кулпусу жок ачкыч сыяктуу. Андыктан максат коюп, аны көздөй умтулуңуз.

Таң атпай кеңсеге келген кесиптештерибиздин маанайы көтөрүңкү болуп, бири-бирибизди куттуктап жаттык. Адатынча эрте келген Расул байке сүйүнчүлөп кыйкырып, кубанычы койнуна батпайт. Ар бир келген кесиптешибиздин алигин албай туруп эле сүйүнчү айтылат. Кеңсе шаңга толуп, кыраан каткырык жаңырып жатты. Ар бир күлкүнүн артында ишенич, эртеңкиге үмүт камтылган. Анан да, "биз жасадык!", "буюрса дагы жасайбыз!", "биз командабыз!" деген добуш жаңырат. Сүйүнүчкө себеп — катардагы рекорд эле! Сүйүктүү кесиптештер, рекорд кут болсун. Бир билекке биригип бийиктикти багынта берели. 

2017-жыл ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыяланды. Буюрса саамалыктын арты менен адеп, ахлакты арттырган иш-чаралар көп болуп, ыйманыбыз арта берсин. 

Ыйман демекчи, кыргыздын чыгаан жигиттери Курандын кыргызча котормосун басып чыгарышты. Китептин мукабасы калың булгары менен тышталып, сапаттуу кагазга 2000 нуска менен басылды. Кудайдын кулагы сүйүнсүн. 

Башка элдер 9-январга чейин эс алса, биз 4-январда ишке чыктык. Сыягы быйыл билек түрө ишке киришет окшойбуз. Буга дагы бир далил жыл башталбай жатып ажобуз Кытайга аттанды.

Коендой сак, ташбакадай бекем болууну талап кылган заман. Бишкек шаарында төрт жаран Бишкектеги жай тургундун үйүнө кирип барып бычактаган соң миллион сомун алып кетишти.

Өгөйлөнгөн кыргыз тили буюрса өйдөлөйт. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп Назаркул Ишекеев дайындалды. Агайга ийгилик каалап, кыргыз тилин өнүктүрүүнү чыдамсыздык менен күтүп жаткандыгыбызды билдирип өтөлү. 

Буга чейин маршруттук таксиде сумкаңызды, уюлдук телефонуңузду унутуп кеткен учур болду беле? Эстеп кайгырбай деле койсоңуз болот. Бул жакта бир адам 54 миң долларын унутуп кетиптир. Элестетиңиз, 3 бөлмөлүү үйдү унутуу деген эмне?

Бүгүн өлкөдө күн ачык болот.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.13 (сатып алуу) жана 69.42 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 39.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.50 сом, ал эми дизель майы 35.80 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Үч нерсе эч качан кайра келбейт. Убакыт, айтылган сөз, мүмкүнчүлүк!

Ден соолугуңузду тилеп Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0