Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15. Жаңы шайланган мэр, чек арасын ачкан Казакстан

Жазылуу
Аткан таң ар бирибизге ийгилик алып келип, баштаган ишибиз оңунан чыксын.

Эски мэр жаңы мэр болуп. Бишкек шаарынын мэрлигине болгон шайлоодо эски мэр Албек Ибраимов кайтадан "жаңы" мэр болуп шайланды. Ал маалымат жыйында коомдук транспорт маселесин чу дегенде эле троллейбус, автобустарды сатып алуу менен чече турганын жар салды

Баурдастар кучагын ачты. Казакстандын аймагы аркылуу Россияга ташыла турган кыргыз товарлары үчүн болгон чектөө алынды. Эми зуулдаган бойдон "Эй, Россия, Россия бир боор энем" деп эле ат тезегин кургатпай каттайт экенбиз, буюрса. Ал ортодо Казакстандан келген интернеттин баасы да арзандаганы маалым болду. Ылайым эле коңшулар менен колтук алышып ынтымакта жашайлы.

Ынтымак темасын улай. Кыргыз казак бир тууган деп байыртадан айтылып келет. Алардын туугандыгын ушундан билиңиз, бир-биринин ырларын да ырдап алышкан. Кайсы ырларды эки элдин ырчылары оболонтуп созуп жүргөнүн бул жактан окуңуздар

Тамеки чекпей жүр. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде сатылган тамекинин сыртына эми жүрөктүн үшүн алып, көңүл айныткан сүрөттөр чаптала турган болду. Аны көргөн "чылымпоздор" эми азыраак чегип калат деп ишенели. Кандай болсо да ден соолукта аман бололучу.

Өмүрдү алган шахта. Турмуш, жашоо деп кара жанын карч уруп, иштин оордугуна карабай үй-бүлөсүн, бала-бакырасын багам деп таң заардан кетип көмүр казган мекендештерибиздин акыркы учурларда шахта алдында калып, набыт болгондору да жок эмес. Ушундай кырсыктын алдын алууга болобу? Ага кабарчыбыз Мирбек Сакенов жооп издеп көрдү.

Криштиану Роналду "белек" болду. Дүйнөнүн мыкты футболчусу аталган Криштиану Роналдуну Женнифер Лопес сиңдисине туулган күнүнө "белек" кылды. Ар бирибиздин жашообузда ушундай күтүлбөгөн жагымдуу белектер көп болсун.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.48 (сатып алуу) жана 69.70 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 39.30 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 41 сом, ал эми дизель майы 35.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык дейт, туугандай болгон кошуналарыбыз ылайым көп болсун. Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0