Канчадасың, чырагым?! Апии-ий, 25тен кийин сени эч ким албайт го…

© Sputnik / Табылды Кадырбеков14 февраля — День святого Валентина, день всех влюбленных.
14 февраля — День святого Валентина, день всех влюбленных. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таанышуунун биринчи мүнөтүндө эле кыздын жашын суроого батынган мырзалар бар. Бирок, ал эч нерсе эмес. 25 же 28 жаштамын десең "аа-аа көптү көргөн" турбайсыңбы дегенде… Эмне себептен мындай суроо бийкечтерди кыжырланта турганын колумнист Айида Батырбекова айтып берүүгө аракет жасады.

Жигит: Канча жаштасың?

Кыз: Кыздын жашын сурабайт

Жигит: Эми айта бер да

Кыз: Өзүң канчадасың?

Жигит: Мен биринчи сурадым го…

Бул — жигит менен кыздын жаңы таанышкан учурдагы диалогу. Кыздын жашы канчалык жогору болсо, ал мындай суроого жооп бергиси келбейт. 

Бир жолу жумушка кесиптеш жигит келип калды. Бардыгыбыз иштеп жатсак, жаныбыздагы кызга тийишип сүйлөп жатты. Үзүндүсүн келтирейин. 

Жигит: Сен канчадасың?

Кыз: 25те

Жигит: Аии-и-ий, карып калган турбайсыңбы. Негизи колдон келсе эрте эле турмуш куруп кетиш керек. 25тен ашкандан кийин сени эч ким турмушка албай коет, — деп балп эттирди.

Бешиктеги ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз салттары: сүйүнчү-сүйүнчү, перзенттүү болдум!
Мүмкүн ал кыз буга чейин турмуш куруп ажырашып кеткендир же жакшы көргөн жигити менен жолу болбой кайгыда жүргөндүр. Кыскасы, бойдок жүргөндүгүнүн бир себеби бардыр да. Анын бирин ойлобогон эргул элдин көзүнчө бийкечти ыңгайсыз абалда калтырганын сезген да жок. 

Мындай адамдарды мен эмоционалдык "маньяк" деп айтар элем. Себеби, алар бирөөнү ыңгайсыз абалга калтыруудан, басынтуудан кадыресе кумар алышат окшойт. 

Өткөндө 35тер чамасындагы тааныш байкелердин бири "үйлөнүш керек, жеңе таап бербейсиңби" дейт. "Макул, бир жакшы эже бар. Ошону менен тааныштырайын" десем, жаш курагын сурады. 30да экенин айтсам "Аның ушул куракка чейин турмуш курбай жүрсө, эч кимге жакпаган "стерва" эмеспи" десе болобу. Көрбөй, сүйлөшпөй жатып ою тескери жакка кетти.

Демократиялуу өлкөдө жашаганыбыз менен гендердик теңдикке жете элегибизди ушундан билсек болчудай. Дегеним, мыйзамда айымдардын укугу, орду толук көрсөтүлгөнү менен аң-сезимде ал нерсе тактала элек окшойт. 

Эркек 30-35ге чыгып үйлөнсө кадыресе көрүнүш да, кыз киши 25тен ашса кара далы имиш. 

Ооба, бийкеч жаш кезинде турмуш курганы жакшы. Бирок, ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп, кеч турмушка аттанууга айрымдар аргасыз да. Анын ар кандай себептери бар. Ошонун баарын билсек дагы билмексен болуп "кара далы", "эми муну ким алат" деген жектөө сөздөрүн айтабыз. 

Эгер бийкечтин жаш курагын сураганыңызда жооп бергиси келбей жатса "ломатса" этип жатат деп ойлобоңуз. Ал болгону сиздин жаман оюңуздан чочулап жатышы мүмкүн. Себеби, жашы 25-30да экенин айтса "көптү көргөн" же "карышкыр" турбайбы деп ойлошуңуз мүмкүн да, туурабы? (бардык жигиттер эмес, көпчүлүгү).

Келин күбөлүккө кол коюп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элдик жөрөлгөлөрдөн. Келиним болбосо…
Өзүн күзгүдөн карабай туруп "буту дөңгөлөк экен", "мурду чоң" экен деп келбетке асылгандар тууралуу сөз кылгым да келбейт. 

Менин жазгандарымды окуп жатып, "Акылдуусун тимеле, азыркы кыздардын бардыгы бузулуп кеткен, ошондой мамилеге татыктуусуңар" дегендер да болсо керек.

"Эркек бузулса аял бузулат, аял бузулса коом бузулат" деп Мухаммед пайгамбар айткан экен. Мунун мааниси, эгер сиз жашап жаткан жердеги аялдар бузук болсо, демек сиз өзүңүз бузуксуз деген эле сөз. 

"Ушу 8-мартты жоюп эле сала турган майрам" дегендерге жана бир "штук" гүлдү айымдарга ыраа көрбөгөн мырзаларга бир окуяны эстерине салгым келет. 

Кудай дүйнөгө биринчи Адамды жаратып, аны бейишке жашатыптыр. Бир күнү Адам бейиштен эригип кетет. Элестетип жатасызбы? Бейиштен эригип кетиптир. Ошондо Кудай Адамдын кабыргасынан аялды жараткан. Ошондон тарта дүйнөдө жашоо уланып келет. Дегеним аял деген сөздүн аркасында "эне" деген маани бар. Ал канча жашка чыкпасын, жүрөгү назик, аруу келет. Канча жашта болбосун турмуш курууга, бактылуу болууга акылуу!

Жаңылыктар түрмөгү
0