Кыргызстандагы чет өлкөлүктөрдүн кыжырын кайнаткан 7 адат

© Sputnik / Табылды КадырбековБорбордук көчөлөрдүн биринде бараткан шаар тургундары. Архив
Борбордук көчөлөрдүн биринде бараткан шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин колумнисти Чолпон Узакбаева провакациялык текст жазды. Эгер сиз сын пикирди көтөрө албаган "оору" менен жабыркасаңыз, анда эркиндик боюнча Кыргызстан Малайзиядан ашып кеткендиги боюнча материалды окуңуз.

Европадан келген бир нече досторум Кыргызстанды абдан жакшы көрүшөт. Жаратылыштын кооздугуна суктанып бүтө алышпады. Бирок Кыргызстанда жашаган адамдар тууралуу суроо узаганда жылмайып туруп беришет. 

Горнолыжная база Каракол - Sputnik Кыргызстан
Караколдо туристтик сезон үзгүлтүккө учуроо коркунучунда турат
Бардык ЖМКлар Кыргызстан тууралуу жакшы гана пикирлерди чыгарып келишет. А мен болсо чет өлкөдөн Кыргызстанга келгендердин кыжырына тийген нерселерди билип көрүүнү туура көрдүм. Ал үчүн чет өлкөлүк жарандар арасында сурамжылоо жүргүзүп негизги жети жоопту жазып алдым. 

1. Аз жылмайган калк. Көбүнчө сыртта жүргөндө кабактарын карыш бүркөп алышат. Буга чет элдиктер "эмне болуп кетти?" деп аң-таң. Чынында эле кабакты ачып бир аз болсо да жылмайып коюу ушунчалык кыйынбы? 

2. Оройлук. Коноктордун айтымында, коомдук транспортто сени сөзсүз бирөө түртүп, бутуңду тепселеп өтөт. Ал эми кезек күтүүдө эптеп эле алдыга өтүп кетүүгө умтулган киши. 

3. Жеке мейкиндикти бузуу. Бир турист "мен эки жыл кыргыз үй-бүлөсүндө жашадым. Анда жеке мейкиндик жөнүндө түшүнүк жок болчу. Бир эле бөлмөдө бир нече адам уктай берчү. Чала тааныш адамдар деле сени кармалап, ийинге чаба берет. Биздин мамлекетте мындай аракет үчүн муштум жесе болот" деп жазыптыр… 

4. Адепсиздик. Бейтааныш жигиттер чет элдик жарандарды кыргызча же орусча түшүнбөйт деген ой менен алардын артынан сүйлөй беришет. Андай жигиттерге полиглоттор учурап калганда мушташууга чейин барышат. 

5. Тактык? Бир нерсени алдын ала пландоо мүмкүн эмес. Бардыгы жолугушууга жок дегенде бир саатка чейин кечигип келишет. Кыргызстандыктар башканын убактысын сыйлабайт. 

Мужчина в деревне у забора. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жакыр кыргызстандыктар тууралуу 15 факты
6. Чет элдик болсо эле бай деп ойлошот. Чет элдик жарандар орто кирешелүү жөнөкөй эле адамдардын катарында экендиктерин айтышат. Алардын айтымында, мындай жооп көбүнчө чет өлкөлүк бай жигитке турмушка чыккысы келген кыздардын маанайын чөгөрөт. 

7. "Ушул убакка чейин үйлөнө элексиңби?!" Ооба, 40ка чыкса да үйлөнүүнү ойлоно элек. Жапжакшынакай эле жашап жүрөт. Үй-бүлө күтүү бул чоң жоопкерчилик. Ошон үчүн ал мындай суроолорду керек болсо жакын адамга да берүү туура эмес деп эсептейт. (Баса, мындай орунсуз суроолорду мен дагы күнүгө эле угам. Кулак көнүп деле калды.) 

Мен алгач чет элдик коноктор абалы шумдуктуудай ажатканалар, сапатсыз кызмат көрсөтүүлөр тууралуу айтышса керек деп ойлогом. Тарбия-таалим тууралуу кеп болуп кетерин күткөн да эмесмин. Мындан ары мектеп менен окуу жайларда этикетти үйрөткөн сабактарды киргизүү керек окшойт, кандай дейсиз?

Материал орус тилинен которулган. Түп нуска менен төмөнкү шилтемеден таанышсаңыз болот>>

Автордун пикири редакциянын көз карашы менен дал келбеши мүмкүн

Жаңылыктар түрмөгү
0