Кыргызстанда доллар кымбаттап жатат. Серепчилердин ою

© Sputnik / Табылды КадырбековАКШ доллары жана сом купюралары. Архив
АКШ доллары жана сом купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күнү сатып алуу да сатуу да дээрлик бирдей бааны көргөзүүдө. Сатып алуу 69,45 сом, сатуу — 69,7 сом болуп калган.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. valuta.kg порталынын маалыматына караганда Кыргызстанда доллардын курсу жогорулай баштады.

Национальный банк Кыргызстана начал продавать золотые мерные слитки - Sputnik Кыргызстан
Жыл башынан бери Кыргызстандын сом түрүндөгү алтын запасы кыйла көбөйдү
31-декабрь күнү сатып алуу 68,95 сом болсо, сатуу 69,27 сом болгон. Бүгүнкү күнү сатып алуу да сатуу да дээрлик бирдей бааны көргөзүүдө. Сатып алуу 69,45 сом, сатуу— 69,7 сом.

Башкача айтканда бир канча күн аралыгында АКШ доллары 50 тыйынга көтөрүлгөн. Улуттук банктын расмий курсу бир аз башкачараак. Анда 31-декабрь күнү бир доллар 69,23 сом болсо, беш күндөн кийин төмөндөп баратып, 12-январга жакын кайра 69,49 сом болуп көтөрүлүп кеткен.

Улуттук Банктын аракети

Өлкөдө валютанын курсу базардагы суроо-талапка ылайык тез-тез өзгөрүлүп турат. Ошол эле учурда Улуттук банк курс кескин түрдө түшүп, же көтөрүлүп кетпеш үчүн бааны жөнгө салып турат. Бул аракет интервенция аркылуу — рынок шартында чет элдик валютаны сатуу жана сатып алуунун жардамы менен ишке ашат. 

Жаңырган жылдан бери бир интервенция болгон. Анда 10-январь күнү Улуттук банк 11 миллион 850 миң доллар саткан. Чындыгында, расмий курс акыркы суткада 20 тыйынга көтөрүлүп, эки күндөн бери ушул баада кармалып турат.

Себеп эмнеде?

"Альянс" акча алмаштыруу бюросу ассоциациясынын жетекчиси Бактыбек Чойбеков доллардын жогорулап кетишине да таң калууда. Анын айтымында учурда Россияда курс ылдыйлагандыктан бизде да акча алмаштыруу валютасы төмөндөшү керек эле.

"Доллардын жогорулап жатышы биздин валюта рыногунда анын жетишсиздиги болсо керек. Курс экономикадан жана Улуттук банктан көз каранды. Рынокто доллар канча көп болсо, курс ошончо төмөн болот. Эгер кырдаал ушул боюнча кала берсе, доллар акырындык менен өсө берет", — деп түшүндүрдү Чойбеков.

Нефть ташуучу эшелон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путин Кыргызстанга мунай жеткирүү жөнүндө келишимди ратификациялады
Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев рубль долларга карата туруктуу болуп, сом болсо эмнеге төмөндөп жатканын мындайча түшүндүрдү.

"Доллардын курсунун жогорулап бара жатканын өлкөдөгү сомдон билсе болот. Азыр өлкөдө улуттук акча көп. Анткени жыл соңунда доллардын көбү сырткы соода иштерине (мисалы, күйүүчү май сатып алууга) жумшалып ошондон дефицит пайда болду", — деди Акенеев.

Ал ошондой эле доллардын курсунун көтөрүлүшү убактылуу көрүнүш экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0