Карышкыр менен кармашкан баланын атасы жалгыз ок менен уулун сактап калды

© Sputnik / Олег Ласточкин / Медиабанкка өтүүВолк Рагдай
Волк Рагдай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карышкыр талаган мектеп окуучусу учурда Кочкор аймактык ооруканасында дарыланууда.
Бактыяр Кутушев: бөрү баламды үйдүн жанынан эле баса калыптыр

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Нарын облусунун Кочкор районундагы Ак-Жар айылынын Ак-Булуң аймагынан карышкыр талаган 4-класстын окуучусунун абалы жакшы экенин Кочкор аймактык ооруканасынын директору, дарыгер Туратбек Жумабеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ал эми 4-класстын окуучусунун атасы Бактыяр Кутушев окуя кандай болгонун мындайча түшүндүрдү.

Кочкор: кышы бою малды жеген карышкырды атып, бөлтүрүгүн тирүү кармап алышты
"Күндүзгү саат үч болчу. Кошуна сарайда агам турат. Анын тооктору бар эле. Аларды чыгарып, жем чачып келгиле деп балам менен инимдин баласын жөнөткөм. Өзүм мал тейлеп жаңы эле үйгө киргем. Алар барып тоокту чыгарып, үй жакка келе жатканда тоо жактан келген карышкыр аларга кол салыптыр. Инимдин баласы экинчи класс кичинекей эле, балам аны үйгө эптеп киргизип жиберип, карышкырды колундагы жумуртка, таш менен урганга болбой аны баса калыптыр. Инимдин баласы келип эле байкемди карышкыр талап жатат деди. Мен дароо атып чыктым. Үйдөн элүү метрдей аралыкта, сарайдын капталында баламды баса калыптыр. Мен чуркап барганга чейин бутунан сүйрөп, силкиптир. Мен барганда баламды кое берди, карышкыр айланып кетпейт. Колумдагы таш менен урсам кулак түпкө тийди. Бул убакта итим да чуркап келип карышкыр менен алышып калды", — деди ал.

Кутушев карышкыр аларды талап жатканын кошунасы угуп алар да чуркап келгенин кошумчалады.

"Биз кыйкырып жатканда кошунабыз угуп калып, чуркап келип үйдөгү мылтыгымды алыптыр. Бир огум бар болчу. Карышкыр кошунамдын эшигинин алдына барып күчүгүн талап жатканда атып калдык. Баламды тиштеген карышкыр дөбөт экен. Буга чейин карышкыр сарайга чейин келип кишиге кол салган окуя болгон эмес. Бул биринчи жолу катталып жатат", — деди Кутушев.

Ал ошондой эле баласын дароо эле ооруканага машина менен алып келгенин кошумчалады.

Карышкыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда кырышкыр, түлкү жана чөөгө гана аңчылык кылуу сунушталууда
"Баламды машинага салып, карышкырды да артына салып, ооруканага бардык. Баламды доктурлар алып кеткенден кийин ветеринардык инспекциядан келип, карышкырдын башын кесип, текшерүүгө алып кетти. Карышкырдын денесин атайын өлүк салчу жайга салышты", — деп Кутушев болгон окуяны айтып берди.

Ал баласынын жүрөгү катуу түшүп калганын белгилеп, үйдүн кенжеси экенин айтты. 

Ал эми дарыгердин айтымында, бала ооруканага 8-ноябрда келип түшкөн.

"Баштагыга караганда азыр абалы жакшы. Карышкыр анын бетин, сол колу-бутун тиштеп, майда тиштери ичине да кирген. Башкача айтканда карышкыр баланы талаган. Азыр хирургия бөлүмүндө, тийиштүү дарыларды алып дарыланууда", — деди дарыгер.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча карышкырдын өлүгү райондук Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы тарабынан республикалык лабораторияга текшерүү үчүн жиберилген. Текшерүүнүн жыйынтыктары чыга элек.
Жаңылыктар түрмөгү
0