Жалал-Абадда таң атпай таксистти коркутуп унаасын айдап кеткен жаран кармалды

© Фото / пресс-секретарь ОУВД Джалал-Абадской областиУгон автомашины марки DAEWOO Matiz в селе Кызыл-Сенир
Угон автомашины марки DAEWOO Matiz в селе Кызыл-Сенир - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү Жалал-Абад ШИИБнин тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилди.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Сузак районуна караштуу Кызыл-Сеңир айылынын 19 жаштагы тургуну бүгүн эртең менен саат 5.30дар чамасында бейтааныш жаранга унаасын алдырып жиберген. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИБден кабарлашты. 

Маалыматка караганда, DAEWOO Matiz үлгүсүндөгү унаасын алдырган жаран такси кызматында иштеп келет. 

© Фото / пресс-секретарь ОУВД Джалал-Абадской областиDAEWOO Matiz үлгүсүндөгү унааны ала качкан шектүү жаран
Угон автомашины марки DAEWOO Matiz в селе Кызыл-Сенир - Sputnik Кыргызстан
DAEWOO Matiz үлгүсүндөгү унааны ала качкан шектүү жаран

"Жаш курагы 20-25 чамасындагы жаран коркутуу жолу менен айдоочунун унаасына ээлик кылып, белгисиз тарапка айдап кеткен. Кылмыш боюнча түшкөн арыздын негизинде Кайгуул милиция тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, шектүү катары 25 жаштагы жаран кармалды. Ал Сузак районунун тургуну болуп чыкты", — деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 172-беренесинин (автоунааны ээлеп алуу) 2-бөлүмүнүн 3-пункту менен кылмыш иши козголуп, шектүү Жалал-Абад ШИИБнин тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0