Санкт-Петербургда кыргызстандыктын бетин уруша кеткен таанышы кескилеп салды

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи поножовщины в Кыргызстане
Случаи поножовщины в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беттери жана мойну кескиленген адам Ош облусунда туулган С. Ч. аттуу кыргыз жараны болуп чыкты.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бейшембиге караган түнү Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы ооруканалардын бирине бети жана мойну кескиленип түшкөн жаран боюнча окуянын чоо-жайы аныкталганын Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди. 

Бети кескиленген кыргызстандык тууралуу маалымат ЖМК беттерине жарыяланган.

Маалыматка караганда, жабырлануучу Ош облусунда туулган С. Ч. аттуу кыргыз жараны болуп чыкты. 

“Учурда ал Санкт-Петербургдагы ооруканалардын биринде дарыланып жатат, абалы туруктуу. Жабырлануучу таанышы менен уруша кетип, жаракаттарды ошонун айынан алганын айтты”, деп айтылат билдирүүдө. 

Кыргызтандык жаран ден-соолугуна залака келтирген адамга дооматы жок экенин айтып, анын үстүнөн арыз жазуудан баш тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0