Кыргызстандыктар каза болгон Саратовдогу жол кырсыгынын видеосу

© SputnikДТП в Саратове, где погибли граждане Кыргызстана. Фото с сайта Youtube
ДТП в Саратове, где погибли граждане Кыргызстана. Фото с сайта Youtube - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтарга караганда, кыргызстандык жарандар Россияга жумушка орношуу үчүн бара жатышкан.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Интернетте Саратов облусунун Петровский районунда болгон жол кырсыгынын видеолору жарыялангандыгын РИА Новости кабарлады. 

На автодороге Бишкек - Ош перевернулся бензовоз - Sputnik Кыргызстан
Өмүрдү алган жүк ташуучу унаалар. Фуралар себепкер болгон жол кырсыктары
Белгилей кетсек, каза тапкан жети жарандын бардыгы кыргызстандык экени болжолдонгон. 

Петровский районунун Нижний Новгород-Саратов автотрассасында Тарумовка айылынын тушунда жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымдалган. Анда тоок этин жүктөп Пензадан Саратовго бара жаткан фура карама-каршы келе жаткан Toyota үлгүсүндөгү унаа менен кагышып, жыйынтыгында эки унаа тең жолдон чыгып кеткен. 

Кырсыктын кесепетинен Toyota үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу менен алты жүргүнчү дароо көз жумган. КР ӨКМи алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгон адамдардын бешөө кыргыз жарандары болушу ыктымал экенин билдирген.

Учурда Петровский району боюнча ИИМдин тергөө бөлүмү тарабынан 33 жаштагы фуранын айдоочусуна Россиянын Кылмыш жаза кодексинин 264-беренесинин 5-бөлүмү боюнча (жол эрежесин сактабоо) кылмыш иши козголду. 

Volvo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу алкоголдук ичимдиктерди колдонбогону аныкталганы маалыматта белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0