Элчилик: Саратовдогу жол кырсыктан 7 эмес, 4 кыргыз каза болду

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтарга караганда, кыргызстандык жарандар Россияга жумушка орношуу үчүн бара жатышкан.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жол кырсыгынан каза болгондор тууралуу тактоо киргизип, алардын саны төртөө экендигин билдирди. 

Петровский районунун Нижний Новгород-Саратов автотрассасында Тарумовка айылынын тушунда, жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымдалган. Андан каза тапкан жети жарандын бардыгы кыргызстандык экени айтылган.

ДТП в Саратове, где погибли граждане Кыргызстана. Фото с сайта Youtube - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар каза болгон Саратовдогу жол кырсыгынын видеосу
Элчилик Россиянын Ички иштер министрлиги аркылуу маалыматтарды тактап, жол кырсыкка кабылган D 7191 С мамлекеттик номерлүү Toyota унаасынын ичинде каза болгон жети адамдын төртөө Кыргызстандын, экөө Өзбекстандын, бирөө Тажикстандын жарандары экендигин билдирди. 

Кырсык болгон жерге диаспора өкүлдөрү барып, тактоо иштери уланууда. 

Учурда Петровский району боюнча ИИМдин тергөө бөлүмү тарабынан 33 жаштагы фуранын айдоочусуна Россиянын Кылмыш жаза кодексинин 264-беренесинин 5-бөлүмү боюнча (жол эрежесин сактабоо) кылмыш иши козголду. 

Volvo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу алкоголдук ичимдиктерди колдонбогону аныкталганы маалыматта белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0