Саратовдо кыргызстандыктардын өлүмүнө забын болду деген айдоочу камакка алынды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүЖолдогу жүк ташуучу унаа. Архив
Жолдогу жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгына шектелген жүк ташуучу машинанын айдоочусу Пенза облусунун 32 жаштагы тургуну болуп чыкты.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Саратов облусунда жол кырсыгына себепчи болду деп шектелген жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу тергөө учурунда камакка алынганын Саратов облусу боюнча Тергөө башкармалыгынын жетекчисинин ага жардамчысы Екатерина Пирская Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

ДТП в Саратове, где погибли граждане Кыргызстана. Фото с сайта Youtube - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар каза болгон Саратовдогу жол кырсыгынын видеосу
Эске салсак, 15-январда Нижний Новгород — Саратов кан жолунда жүк ташуучу унаа менен минивэн кагышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча жүк ташуучу унаанын айдоочусу уктап калышы мүмкүн деген божомолдор айтылган.

Пирскаянын айтымында, сот тергөөчүнүн айдоочунун баш коргоо чарасын камакка алуу деп чыгаруу боюнча өтүнүчүн канааттандырган. Пенза облусунун 32 жаштагы тургуну жол эрежесин бузган деп айыпталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0