Кыргызстандын облустары бийкечтердин бейнеси менен

Жазылуу
Нарын деген кызды элестете аласызбы? Ош деген селкиничи? Sputnik Кыргызстан стилисттер Ирина Федоренко, Елена Редько жана Марлес Устабаев менен бирге кыздарды Кыргызстандын эң бөтөнчө картасына айландырды.

Тапшырма мындай болду: карамагыңызда жети кыз, боёк-упа жана Кыргызстанын жети облусу бар. Моделдердин ар бири бирден аймакты элестетиши керек. Албетте, Ысык-Көл облусун кандай кылып беришти баары билет: деңиздей көк түс жана ак көбүктүү толкундар болсо жетет. 

Ал эми Таластын же Нарындын өзгөчөлүгүн кантип бересиз? Иш жүзүндө баары ойлогондой жеңил болгон жок. Sputnik Кыргызстан агенттигинин балдары менен стилисттер идеяны ишке ашыруу үчүн бир топ баш катырышты. 

Ар бир кыз менен иштөөгө төрт сааттан жети саатка чейин убакыт кетти. Мындай катаал чыгармачыл толгонуулардын натыйжасын көрүш үчүн, сүрөттүн борборунда жайгашкан "Кароону башта" деген сары-кызыл кнопканы басыңыз. Материал экранга толук ачылат. 

Сиздин каражатыңызда кнопка кайсы бир себеп менен иштебесе, кийинки шилтеме аркылуу кириңиз.

Кыргызстандын аймактарынын кооздугу тууралуу кененирээк маалыматты Sputnik агенттигинин "Кыргызстанга саякат" лонгридинде билсеңиздер болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0