Казакстандагы КР мигранттарынын кургак учукка кабылуу коркунучу күч

© Фото / ассоциация "Замандаш"Акция, приуроченная к Международному дню мигранта в Астане
Акция, приуроченная к Международному дню мигранта в Астане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башынан бери кургак учук оорусуна каршы иш-аракеттердин алкагында 700 кыргызстандык медициналык көзөмөлдөн өтүштү.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Кыргызстандык эмгек мигранттарынын Казакстанда кургак учук оорусуна кабылуу коркунучу күч. Бул тууралуу "Кыргызстан — Астана" кыргыз этномаданий бирикмесинин төрагасы Шавкат Исмаиловго шилтеме кылып "Замандаш" ассоциациясы билдирди.

Сезонный рост заболеваемости гриппом и ОРВИ в России - Sputnik Кыргызстан
КР жарандарынын өмүрүн алган дары-дармекке Казакстандын министри жооп берди
15-декабрда Астанада Мигранттардын эл аралык күнүнө (18-декабрь) карата акция болуп өттү. Анда Казакстандын борборундагы "Шанхай" жана "Шарын" базарында иштеген кыргызстандыктар акысыз медициналык кароодон өтүштү.

Уюштуруучулар белгилегендей, акция "Казакстандагы эмгек мигранттардын арасында кургак учукту дарылоо жана чек аралык көзөмөлдөөгө багытталган иш-чаралар" аттуу долбоордун алкагында өтүп жатат. Аталган иш-чара Казакстандын 2014-2020-жылдарда кургак учукка каршы күрөшүү боюнча комплекстүү пландарынын негизинде ишке ашып жатат. 

Базардагы мигранттар акысыз флюорографиядан өтүүгө жана фтизиатр-дарыгерлеринен кеп-кеңеш алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

"Дартты эрте аныктоо жана өз убагында дарылоо — кургак учукка каршы күрөшүүнүн негизги учуру. Эмгек мигранттары мекенинен алыс болгондуктан Казакстандын жарандары сыяктуу дарыгерлерге эркин бара алышпайт. Ошондуктан бул коркунучтуу ооруга чалдыгууга тобокели жогору болгон топко кирүүдө", — деди Исмаилов.

Мындан сырткары, кызматкерлер Казакстанда иштөө жана ал жакка баруунун эрежелери тууралуу маалымат беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0