Кыргызстандын Миграция кызматынын өкүлчүлүгү Москвада ачылды

© Sputnik / Денис Гришкин / Медиабанкка өтүүМиграциялык борбор. Архив
Миграциялык борбор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы өкүлчүлүк кыргызстандык мигранттар менен иштешип, аларга кеп-кеңеш берет.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Москвада Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгү ачылды. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, Россиядагы элчи Болот Отунбаев кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуп, өкүлчүлүктүн жетекчиси болуп дайындалган Төлөнбай Кожобаевди тааныштырган. Ал буга чейин Кыргызстандын Екатеринбургдагы башкы консулу болуп эмгектенген. 

Аталган өкүлчүлүк мигранттар менен иш алып барып, кеп-кеңеш берет. Мекеменин кызматкерлери менен байланышуу үчүн төмөнкү номурларды терүүгө болот: 

  • Марлес Шаршеев, башкы адиси — 7 (925) 735-49-46;
  • Канатбек Жорокулов, башкы адис— 7 (926) 100-37-35;
  • Абдыманап Абдывахапов, жетектөөчү адис— 7 (929) 538-03-61.

Эки өлкө ортосундагы келишимге ылайык, өкүлчүлүктү ачуу өткөн жылы пландалган. Бирок Миграция министрлиги жоюлуп кеткендигине байланыштуу Мамлекеттик миграция кызматынын алдында түзүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0